Бүгүн, 1-февралда окурман SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" рубрикасына кайрылып, Бишкектин Эркиндик бульвары менен Киев көчөсүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу үйдүн чатырында 1,5 метр муз турганын, эгер алып койбосо адамдарга зыян келтире турганын билдирди.
"Эгер кокус адамдар өтүп бараткан учурда муз түшүп кетип, бирөөнүн башына тийсе ага ким жооп берет?" - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.