"Кургак учук оорусунун ачык формасы бар. Ал мындай дартка кабылган жарандар түкүргөн учурда башкаларга жугушу мүмкүн. Мен эске салгым келет, 2019-жылдан тартып өлкөдө көчөдө жүрүп түкүргөн жарандарга айып салынат. Биз ушундай мыйзам кабыл алганбыз", - деди Бекешев.
2019-жылдын 1-январында күчүнө кире турган "Бузуулар жөнүндө" мыйзамдын 71-беренесине ылайык, белгиленбеген жайга таштандыларды таштап, өрттөө жана түкүрүүгө үч категорияда айып салынат.
Анда жеке жактарга 5 миң сом, юридикалык жактарга 17 миң сом айып пул салынат.