Жактоочу Жакупбекова: "Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узартуу мыйзамдуу болгон"

Бүгүн, 2-февралда Бишкек шаардык сотунда депутат Аида Салянованын иши боюнча соттук отурум уланууда. Анын жактоочусу Чынара Жакупбекова жарыш сөзүндө Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясынын узартылганы боюнча өзүнүн айткан видеожазуусун проектор менен соттук жамаатка тааныштырууга аракет кылды. Бирок соттук жамаат видеожазууну көрүүдөн баш тартты.
Видеожазууда Елисеев Аида Салянованы тааныбастыгын, лицензиясын тааныш адамы аркылуу узартканын жана баары мыйзамдуу болгонун айтканы жазылган.

Жакупбекова учурда жарыш сөзүн улантууда. Ал Салянова юстиция министри болуп турганда анын адвокаттык лицензиясын узартпай коюуга акысы жок экенин белгиледи. "Баары мыйзамдуу болгон. Анткени Аида Жеңишбековна анын лицензиясын узартпай коюуга мүмкүн эмес эле", - деди ал.

Белгилей кетсек, Салянова "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 10-октябрда Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кирет. Бул чечимге нааразы болгон Салянова шаардык сотко даттанган.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан