Бишкек Жылуулук электр борборунда авариянын келип чыгуусуна ЖЭБдин цехтериндеги абанын температурасынын төмөндүгү себеп болгон. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда маалымат жыйында ЖЭБдин механикалык-оңдоо цехинин жетекчиси Александр Рогачев билдирди.
"ЖЭБдин авария болгон бөлүгүндө ачык жерлер көп, терезелери талкаланган болчу. Абанын температурасынын чукул төмөндөп кетүүсү мына ушундай авариялык абалга алып келди. ЖЭБдин ичинде иштеп жаткан цехтерде абанын температурасы +13 градустан төмөн болбоосу керек. Авария болгон күнү бул талапты сактоо мүмкүн болгон эмес, натыйжада абанын температурасы 0дөн ылдый түшүп кетип от казандарды башкарган көмөкчү каражаттар тоңуп калып, авариялык кырдаал жаралган", - дейт Александр Рогачев.
Андан сырткары маалымат жыйынга катышып жаткан ЖЭБдин нөөмөт башчысы Калысбек Жаманкулов авария болгон күнү 9 от казан иштебей калганын билдирди.
"Тузу алынган суу от казандарга жетпей калган, от казандар иштеп жатканда суусу болуш керек, бул абалдан улам алар автоматтык түрдө өзү өчкөн. 9 от казан өчүп кийин алардын алтоосу суу толтурулуп иштетилди. Учурда 3 от казан өчүк турат", - деди Жаманкулов.
Ошондой эле ал ЖЭБдеги авариядан кийин 2-бөлүктүн дароо иштетилбеген себебин сураган журналисттерге ага суу толтуруп, ишке киргизүү бир канча убакытты талап кылганын айтты.
Белгилей кетсек, 26-январда кечки саат 6 чамасында Бишкектеги Жылуулук электр борборунун модернизацияланбаган бөлүгүндөгү от казандарда маселе жаралып, суунун температурасы 84 градустан 62 градуска чейин төмөндөгөн. Буга байланыштуу шаардагы үйлөргө берилген жылуулук төмөндөгөн.
Мындан улам 2 күн аралыгында Бишкекте электр энергиясын пайдалануу 8-10 пайызга жогорулаган. Электр жабдыктарына күч келгендиктен Бишкектеги кичи райондордо жайгашкан айрым көп кабаттуу үйлөр жарыксыз калган.
Бишкек ЖЭБден 120 миң 947 үй жылуулук менен камсыздалат.