Көпчүлүккө “Жөргөмүш адам”, “Халк” жана “Белгисиз адамдар” чыгармаларынын автору катары таанымал америкалык жазуучу Стэн Ли ооруканага түштү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, бейшембиге караган түнү 95 жаштагы жазуучунун жүрөк согуусу начарлап, ооруканага жеткирилген.
"Учурда абалы туруктуу. Соңку жылдары жазуучунун ден соолугу начарлап, бир канча маанилүү иш-чараларга катышпай келген. Ошондой эле көзүнүн көрүүсү да бузулгандыктан 2016-жылдан тарта колуна калем кармоону жана китеп окууну токтоткон", - деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, өткөн жылы жазуучунун 70 жыл чогуу өмүр сүргөн жубайы, мурунку модель жана актриса Жоан Ли инсульттан улам каза болгон.