UFC президенти Дэйна Уайт UFC Fight Night 125 турниринин алкагында Валентина Шевченко менен Присцила Качоейра беттешин тейлеген калысты сынга алды. Ал өзүнүн Инстаграмдагы баракчасына "Присцила Качоейра сен ал беттеште өзүңдү кайраттуу жана эрктүү экениңди көрсөттүң. UFC'ге чыгып жатканың мен үчүн сыймык. Калыс Марио Ямазаки сени коргошу керек эле, бирок ал аны кылган жок. Бул анын биринчи жолку кылыгы эмес. Тилекке каршы, мен эч нерсе кыла албайм. Аны бразилиялык комиссия чечет. Беттеште соккулардын айырмасы 230га 3 сокку болду" деп жазды.
Айрым интернет колдонуучулары беттеш өтө оор, Шевченконун үстөмдүгүндө өткөнүн жана калыс канжалаган мушташты болтурбаш керек эле деп жазышууда. Эгер UFC президентинин арызы каралса, Марио Ямазаки UFC беттештеринде калыстык кылбай калышы мүмкүн.
Айта кетсек, 2018-жылдын 3-февралынан 4-февралына караган түнү Бразилиянын Белем шаарында UFC Fight Night 125 турнири өттү. Анын алкагында Валентина Шевченко менен Присцила Качоейра кез келди. Мелдештин экинчи раундунда Шевченко атаандашын муунтуу ыкмасы менен жеңип алды.