Кыргыз жеринде 5-февралдан тарта жол кыймылынын коопсуздугу жаатында мыйзамдын жаӊы нормалары күчүнө кирди. Ага ылайык, жол эрежесин бузган айдоочуларга жана жол эрежесин бузууга катышкан башка тараптарга жаза катуулайт. Жазалар кантип өзгөрдү?
2017-жылы 21-декабрда Жогорку Кеӊеш өлкөнүн “Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам кабыл алган. Демилгечилердин бири - депутат Дастан Бекешев. Мыйзамга президент Сооронбай Жээнбеков ушул жылдын 25-январында кол коюп, өзгөртүүлөр 5-февралда күчүнө кирди. Кодекске "үч эселенген айып" деген түшүнүк киргизилди.
281-БЕРЕНЕ - Транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу
Жаӊы норма: Эгер жол кырсыгынан жабырлануучу анча оор эмес жаракат алса, айдоочу 3 эселеп айыпка жыгылып 3 жылга чейин унаа айдоо укугунан ажырашы мүмкүн же 3 жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат.
Мурда кандай эле? Эреже бузгандарга 10 миӊ сом айып салынчу же 2 жылга чейин түзөтүү жумуштарына тартылып, же 3 жылга чейин автоунаа башкаруу укугунан ажыратылышы мүмкүн эле. Ошондой эле 3 жылга чейин эркинен ажыратуу жагы каралган.
Жаӊы норма: Жол эрежесин бузуу адамдын оор жаракат алуусуна же өлүмүнө алып келсе, анда күнөөлүү тарап 3 жылга автоунаа башкаруу укугунан айрылуу менен бирге 5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратылат.
Мурда кандай эле? Буга чейин 5 жылга чейин эркиндигин чектөө же 3 жылга чейин белгилүү кызматты ээлөө укугунан ажыратуу каралган же автоунаа укугунан ажыратуу менен, 2 жылдан 5 жылга чейин эркиндигинен ажыратылышы мүмкүн эле.
Жаӊы норма: Жол эрежесин бузуу бир нече адамдын өлүмүнө алып келсе, күнөөлүү айдоочу 3 жылга чейин автоунаа айдоо укугунан ажырап 7 жылдан 12 жылга чейин эркинен ажыратылат.
Мурда кандай эле? Күнөөлүү тарап 3 жылга чейин автоунаа башкаруу укугунан ажыроо менен 7 жылдан 10 жылга чейин эркиндигинен ажыратылчу.
Жаӊы норма: Жол кырсыгынан адамдар оор жаракат алса же каза болсо, ал эми жол эрежесин бузган айдоочу окуя болгон жерди таштап кетсе, 3 жылга чейин автоунаа айдоо укугунан ажыроо менен 7 жылга эркинен ажыратылат.
Мурда кандай эле? 1 жылдан 3 жылга чейин автоунаа айдоо укугунан ажыратуу менен 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратуу жагы каралган.
284-БЕРЕНЕ. Мас абалындагы же транспорт каражатын башкарууга укугу жок адамга транспорт каражатын айдоого жол берүү
Жаӊы норма: Жол эрежесин бузуу бир же бир нече адамдын оор жаракат алуусуна, же өлүмүнө алып келсе, күнөөлүү тарап 3 эселеп айып төлөп, 3 жылга чейин кайсы бир кызматты ээлөө укугунан ажырайт. Же 3 жылга чейин кайсы бир кызматты ээлөө укугунан ажыроо менен бирге 5 жылга эркинен ажыратылат.
Мурда кандай эле? Зыяндын ордун толтуруп берүү менен, эл алдында кечирим суроого же 50 миӊ сомдон 100 миӊ сомго чейин айыпка жыгуу жагы каралган. Же 5 жылга чейин эркиндигин чектөө, 3 жылга чейин кайсы бир кызматты ээлөө укугунан ажыратуу менен 5 жылга чейин эркиндигинен ажыратууга нормасы иштеген. Жаза айып пулду 3 эселеп көтөрүү менен күчөтүлдү.
285-БЕРЕНЕ. Транспорттун коопсуз иштөөсүн камсыз кылуучу эрежелерди бузуу
Жаӊы норма: Жүргүнчү, жөө адам же жол кыймылынын башка катышуучусу тарабынан коопсуздук же транспорттун бардык түрлөрүн пайдалануу эрежелери бузулса, мунун айынан адамдын ден соолугуна оор же анча оор эмес зыян келтирилсе, күнөөлүү тарап 3 эселеп айып пулга жыгылат.
Мурда кандай эле? 5 миӊ сомго чейин айып салынчу.
Жаӊы норма: Ушул эле аракет байкабастыктан 1 же андан ашык адамдын өлүмүнө алып келсе 3 эселеп айып салынуу менен, 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылат.
Мурда кандай эле? Зыяндын ордун толтуруп берүү менен, эл алдында кечирим суроого же 100 миӊден 300 миӊ сомго чейин айып салынчу. Же 2 жылга чейин түзөтүү жумуштарына тартылып, же 3 жылга чейин эркинен ажыратууга жазаланып келген.
Маалымат үчүн: 3 эселенген айып - келтирилген чыгымды сот чечимине ылайык 3 эсе ашыкча төлөө. Айыптын үчтөн экиси жабырлануучуга, үчтөн бири мамлекеттин пайдасына алынат. Мисалы, эсептөөдө кырсыкка учураган автоунаага келтирилген зыян 20 миӊ сом деп аныкталса, сот күнөөлүү тарапка 3 эселеп айып салып, жыйынтыгы 60 миӊ сомду түзүп калат.