Санкт-Петербург шаарында 11 жаштагы баласынын өлүмүнө шектүү катары М.Н. аттуу 39 жаштагы Кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
Маалым болгондой, 26-январь күнү баланын атасынан Витебск кең көчөсүнөн уулунун жоголгону тууралуу арыз түшүп, кылмыш иши козголгон. Кечээ, 5-февраль күнү Москва соту Тергөө иштеринин келтирген далилин канааттандырарлык деп таап, шектүү адамды кармоого чечим чыгарып, өспүрүмдүн энеси убактылуу кармоочу жайга камалган.
Белгилүү болгондой, шектүү адам кармалганы менен, баланын аман же өлүү экени тактала элек. Иликтөө иштеринде шектүүнүн баланы уурдаганы жана эмне үчүн мындай ишке барганы тууралуу толук материалдар бар. Иш алып барган тергөөчүлөр аны менен өткөргөн сүйлөшүүлөрдө, М.Н эгер өзүнө коюлуп жаткан күнөө толугу менен алына турган болсо, баланын каякта экенин айта турганын билдирсе, кийинчерээк укук коргоо органдарынын келтирген далилдерин четке кагып, күнөөнү моюнуна алуудан баш тарткан.