Ямайкалык белгилүү музыкант, композитор жана ырчы Боб Марли 1945-жылы 6-февралда Найн-Майлс кыштагында жарык дүйнөгө келген.
Бала чагынан музыкага кызыгып, биринчи пластинкасын "Catch a fire" деп атаган. Анын эмгектери поп-музыкадагы жаңы стандарттарды, эч кимдикине окшошпогон стилди, жаңы ритмди жараткандыгын бир топ гезиттер жазып чыгышкан.
Аз убакыттын ичинде Марли чыныгы жылдызга айланып, анын ырлары тең укуктуулук үчүн күрөшкөндөрдүн гимнине айланган.
1980-жылы анын белгилүү "Could You Be Loved" ыры камтылган "Uprising" деген акыркы жыйнагы чыккан. Анын "One Love" деген ыры ВВС'нин версиясы боюнча "Кылымдын ыры" аталган. Боб Марли жана жубайы Рита Марлинин ортосунда 4 баласы болгон.
Марли 1981-жылы 11-майда 36 жашында рак илдетинен улам көз жумган. Жыл сайын 6-февралда Ямайкада Боб Марлинин күнү белгиленет. 2001-жылы ал "Грэмми" сыйлыгына татыктуу болуп, Голливуддагы Даңк аллеясында анын жылдызы пайда болгон.
Боб Марлинин өлүм алдында жатып, баласына айткан акыркы сөздөрү: "Жашоону акчага сатып ала албайсың".
Ырчынын артында көптөгөн күйөрмандары жана элге кеңири жайылган учкул сөздөрү калган:
6-февралдын жылнаамасы.