super.kg logo

Шаардык сот камактагы оппозиционерлер Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыровду 12 жылдан, Эрнест Карыбековду 20 жылга кести

 

Бүгүн, 7-февралда Бишкек шаардык соту камактагы оппозиционерлер Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Эрнест Карыбеков жана Дастан Сарыгулов боюнча Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу SUPER.KG`ге жактоочу Марс Кыдыкбаев билдирди.

"Биз райондук соттун чечиминин күчүндө калышына каршыбыз. Соттолуучулар менен кеңешип, Жогорку Сотко кайрылабыз", - деди Кыдыкбаев.

Ал эми "Саясий туткундарды коргоо" комитетинин мүчөсү Зульфия Марат соттук отурум мыйзам бузуулар менен өткөнүн айтты.

"Бул соттук отурум мыйзам бузуулар менен болду. Анткени өкүм чыгарда айыпталуучулар сот залына алынып келген жок. Аларга акыркы сөзүн айтканга мүмкүнчүлүк берилбеди", - деди Зульфия Марат.

Белгилей кетсек, өткөн жылы 17-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту "Элдик парламенттин" мүчөлөрү боюнча чечим чыгарган. Ага ылайык, Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров Кылмыш-жаза кодексинин 27 (кылмышка даярдануу) жана 295-беренелери (бийликти күчкө салып тартып алуу) боюнча күнөөлүү деп табылып, 12 жылдан эркинен ажыратылышкан. Жаза өтөө мөөнөтү 2016-жылдын 24-мартынан тарта эсептелет.

Эрнест Карыбеков Кылмыш-жаза кодексинин 339 (кылмышты жаап-жашыруу) жана 292-берене (мамлекеттик чыккынчылык) боюнча күнөөлүү деп табылып, үй-мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга кесилди. Жаза өтөө мөөнөтү 2016-жылдын 26-мартынан тарта эсептелет.

Ал эми Дастан Сарыгулов Кылмыш-жаза кодексинин 339-берене (кылмышты жаап-жашыруу) боюнча күнөөлүү деп табылып, 4 жылга эркинен ажыратылган. Анын үч жылына шарттуу өтөө жазасы белгиленген.

Маалымат үчүн: 2016-жылдын март айында "Элдик парламенттин" бир канча мүчөсү кармалып, аларга карата кылмыш иши ачылган. Дастан Сарыгулов, Эрнест Карыбеков, Бектур Асанов жана Кубанычбек Кадыров "бийликти басып алууну пландоодо" деген негизде камакка алынган.







 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(4)
07.02.2018. 20:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
352
Катталган:
22-02-2009
Соӊку аракети:
20-09-2018 20:38
Жынысы:
Белгисиз
-4
АШАнын чечкиндуулугуно тан калдым. Бирок ушул чечкиндуулугу мамлекеттин онуктурууго багытталгандачы. Онукмокбуз
07.02.2018. 20:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
172
Катталган:
27-12-2014
Соӊку аракети:
21-09-2018 01:39
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
+11
Бектур Асановко омур бою камак жазасын бериш керек эле. Сот туура эмес чечим чыгарыптыр.
07.02.2018. 21:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
121
Катталган:
07-04-2016
Соӊку аракети:
21-09-2018 04:01
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Токтогул
+10
Бектур Асановго бул жаза аздык кылат
07.02.2018. 23:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
316
Катталган:
13-09-2016
Соӊку аракети:
21-09-2018 02:09
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бектур Асанга чынында аз берилиптир бул кишини кыргыз элинин душманы деп билем
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114449;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: