WhatsApp тиркемесинин колдонуучулары үчүн жакшы жаңылык. Тактап айтканда, жакынкы күндөрү аталган тиркеменин колдонуучулары үчүн жаңы функция ишке кирет. Анын алкагында, бир учурда бир нече колдонуучу менен аудио жана видео чалуулар аркылуу байланыша аласыз. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, аталган функция азыркы учурда текшерүүдөн өтүп жатат. Жакын арада иш жүзүнө ашырылып, алгач Android системинин 2.18.39 версиясынын колдонуучуларына колдонуу мүмкүнчүлүгү ачылса, андан соң iOS версиясынын колдонуучулары үчүн ишке кирет. Аудио же видео аркылуу бир учурда 5 адамга чейин сүйлөшө алышат. Чалууларга колдонуучуну кошуу үчүн атайын кошулган "Add person" баскычын басуу зарыл. Азырынча бул функция качан ишке киргизиле турганы белгисиз.
Белгилей кетсек, буга чейин WhatsApp тиркемесинде бизнес үчүн ыңгайлуу функция пайда болгон.