"Арыздарды өзүм карайм. Эгер жарандар жоопсуз калса, министр же кызматтын жетекчиси жоопкерчилик тартат", - деп бүгүн, 8-февралда Коопсуздук кеңештин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков билдирди.
"Мен эмне үчүн кызматка келгенде баарыңарга форма кийгиле деп айттым. Себеби форма башкача болот. Адамдар формаңа карап мамиле кылат, сыйлайт. Форма кийгенден кийин адамдарды алдоо да оңой болбойт. Сот, укук коргоо жана көзөмөл органдарынын дарегине болгон ар бир олуттуу арыз менин көзөмөлүмдө болот. Элге жакын болуп, ар бир арызга тез жана сапаттуу жооп кайтаруу гана укук коргоо органдарынын кадыр-баркын көтөрүп, элдин ишенимин арттырат. Жарандардын кайрылууларына жакшы көңүл бургула. Эгерде алар жоопсуз калса же чечим кабыл алынбаса, анда министрликтин же мекеменин жетекчиси жоопкерчилик тартат", - деди Жээнбеков.