super.kg logo

"Соттордун, прокурорлордун бардык киреше-чыгашалары текшериле баштайт" дейт Дамир Сагынбаев

 

"Бүгүн Коопсуздук кеңешинин жыйынында укук коргоо, көзөмөл жана сот органдарынын системиндеги коррупция менен күрөшүү боюнча маанилүү маселе каралды", - деп Коопсуздук кеңештин катчысынын биринчи орун басары Дамир Сагынбаев жыйындын жыйынтыгын чыгарып жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган түзүмдөрдө коррупцияны жоюу боюнча атайын иш-чаралар ишке ашырылмакчы. "Жакын арада мамлекеттик ишмерлердин декларацияларын текшерүү системи орнотулат. Биринчи кезекте укук коргоо, көзөмөл жана сот органдарынын кызматкерлеринин бардык киреше-чыгашалары текшерилет. Кызматкерлер мыйзамсыз тапкан акчаларын корото албагандай механизмди түзөбүз", - деди Сагынбаев.

Мындан тышкары ал коррупциялык жана экономикалык кылмыштар боюнча козголгон кылмыш иштерин толук текшерип чыгуу пландалып жатканын айтты. Ошондой эле аталган органдардын кызматкерлерине башка бирөөнүн мүлкүн пайдаланууга тыюу салынарын баса белгиледи. "Айрым кызмат адамдары бирөөнүн үйүндө же батиринде жашап, бирөөнүн унаасын колдонуп жаткан фактылар бар. Эгер мындай факт аныкталса, үйдүн жана унаанын ээсин ар түрдүү текшерүүлөр күтөт", - деди Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары.

Сагынбаев бүгүнкү жыйында кабыл алынган чечимдин долбоору сунуштарды эске алуу менен, кабыл алына турганын баса белгиледи.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(6)
08.02.2018. 15:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
83
Катталган:
24-08-2012
Соӊку аракети:
19-09-2018 12:45
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эгерде чын эле ушинтип иштесеңер (кагазда эмес) 80%ы кетсе керек...
08.02.2018. 16:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
260
Катталган:
01-10-2017
Соӊку аракети:
05-08-2018 22:56
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эртен СуперИнфо жанылыгында Инфаркта олду денег прокурор соттор чыгат экен да
08.02.2018. 18:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
61
Катталган:
24-12-2016
Соӊку аракети:
19-09-2018 13:46
Жынысы:
Белгисиз
+3
Анда охохоооо болотко.эми ушуну ишке ашыргыла,коооз суйлоп эле отура бербей.
Ийгилик каалаймын ушул айтканынар эртереек иш жузуно ашсын
08.02.2018. 19:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
265
Катталган:
06-03-2017
Соӊку аракети:
20-09-2018 08:29
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жээнбеков Сегизбаевди кызматтан бошотуп ордуна эл үчүн кызмат кылган бир азаматты койсоңуз чоң эрдик кылган болот элеңиз генерал майор деген званиясын кайтарып алсаңыз анданда чоң иш жасаган болмоксуз.
09.02.2018. 09:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
213
Катталган:
09-04-2016
Соӊку аракети:
20-09-2018 08:06
Жынысы:
Белгисиз
0
Кана эле биздикилер да уялганынан терезеден секиришсе.Тескерисинче текшергендердин ооздорун майлап жоонотуп жиберишет.Бизде чындык жок.
09.02.2018. 09:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
238
Катталган:
13-05-2017
Соӊку аракети:
20-09-2018 08:36
Жынысы:
Белгисиз
0
соттун баласы жеке мектепте окуйт мисалы 4баласы бар дейли 100$дан 400$,ары бери басат той топурга барат бензин куят продукта кеминде айына 500-400$ кетсин десек ушунча айлык алабы соттор.Жоок элдин канын сорушат аныктап коюу оной эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114370;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: