СУПЕРСТАН: "Атанын балага айткан насаатын караңгыда жол издеген кишинин колундагы чырак сыңары элестетем"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Атамдын берген насааты" деген тема талкууга алынган. Анда автор төмөнкүдөй суроосу калтырган: "Адамдардын жашоодо алдына койгон максаттары болот, ал эми аны атанын насааты жөнгө салат. Сиздин да жашооңузда атаңыздын насааты көмөкчү болгонбу?"

Колдонуучулардын билдирүүлөрүнөн:

"Атамдын "Кызым, турмушка чыктың, өзүң менен өзүң бол. Эч убакта өзүң жалгыз үйгө келбе, ар дайым жаныңда жолдошуң болсун. Сенин бактылуу жүзүңдү көрсөк, биздин көңүлүбүз ток болот" деген сөзү күнү бүгүнкүдөй кулагыма жаңырып турат. Ошон үчүн каякка болбосун, жолдошумду ээрчитип алам".

"Атам менен көп кеңешип иш кылам. Көбүнчө "Бул колумдан келбесечи? Кыла албай калсамчы?" деп калсам, "Биринчи өз күчүңө ишен. "Кыла албайм" деп өзүңдү алдын ала даярдап алба" деп кеңештерин берип турат. Азыркы учурда кандай ийгиликтерге жетишкен болсом, баары атамдын жана апамдын колдоосу, акыл-кеңештери аркылуу жетишилген".

"Атанын балага айткан насаатын караңгыда жол издеген кишинин колундагы чырак сыңары элестетем".

"Ар дайым тамакты мээрим менен жасаш керек. Аз болсо да саз болсун, бирок ширин болсун. Ширин тамак кылсаң, барган жериңде өзүңө эле жакшы, кызым. Жаман сөз болсо да, жакшы сөз болсо да бизге тиет. Бир нерсе кыларда эч шашылба" деп көп айтчу. Азыр "Тамагың ширин болуптур го" десе, "мээрим көп коштум да" деп коём".

"Апама караганда атама жакынмын. Үйдө улуусу болгонум үчүнбү, кээ бир маселелерди мага айтып, ортодо чечебиз. Атам "биз берсек, бизге Кудай берет. Бирөө жардам сураса, жок дебей колуңдан келсе, жардам бер. Башыңды алса да жалган сүйлөбө. Үй-бүлөбүздүн намысын түшүрүп жаман жолдо жүрбө. Чоңдор сүйлөсө унчукпай ук, сөз кайтарба" дейт. Анан "Кызым, эртең сен да күйөөгө чыгасың. Ошондо күйөөңдүн сөзүн ук, айтканынан чыкпа. Кайнене менен тең айтышпа, ошолор таш жесе, таш жейсиң, аш жесе, аш жейсиң. Мага даттанып, эшигимдин алдына ыйлап келбе" деген насааттарын көп айтат".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Tynybek1989
2018-02-08 22:02:06
Ата энелер аман болсун,омурлору узууун болсун.Эч качан энелердин коз жашы акпасын.Ар дайым балдарына улгу болуп торубуздон орун алып журо берсин.Аамин
+1
Asat17
2018-02-08 23:52:52
Эн туура
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан