Чүй облусунун Панфилов районунда Кайыңды шаарындагы шекер заводунун жанында күйүүчү май ташуучу унаа сууга түшүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда окурман билдирди.
Анын айтымында, айдоочу жол деп ойлоп муз менен өткөн. Унаанын ичинде 35 тонна солярка болгон. Бир бөлүгү сууга төгүлдү. Учурда башка унаага насос менен солярка алынып жатат.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.