super.kg logo

Ошто баласын депкир менен сабаган келиндин ата-энеси табылып кызы менен байланышуудан баш тартышты

 

Ошто энеси тарабынан депкир менен эсинен тангыча сабалган баланын абалы дале оор. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан бүгүн, 9-февралда SUPER.KG порталына билдиришти.

"Учурда ал Ош облустук балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө. Аны дарыгерлер көзөмөлдөп жатат. Анын абалы оор, дагы деле эсине келе элек", - деп билдирди басма сөз кызматынан.

Ал эми Ош шаардык социалдык коргоо башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Гүлзина Раеванын айтуусунда, шектүү келиндин ата-энеси кызынан кабар алуудан баш тартышууда.

"Шектүү келиндин өгөй энеси менен сүйлөшкөнүмдө алар кызынын төрөп алганын билбей турганын, анын бир нече жолу үйүнөн качып кетип, жаман окуяларга аралашканын айтышты. Ошондой эле атасы бул окуяны угуп, ооруп калганын, ага байланыштуу бул окуяга аралашкылары келбей жатканын билдиришти", - деди Гүлзина Раева.

Эске салсак, Кара-Кулжа районунун 23 жаштагы тургуну өзүнүн 2 жаш 8 айлык баласын депкир менен эсинен тангыча сабагандыгы маалымдалган. Кийинчерээк өздүк булактар анын сойкулук менен алектениши мүмкүн экендигин билдиришкен. Ал эми дарыгерлер эсин жоготуп ооруканага түшкөн наристенин абалы оор экенин, анын денесинде ур-токмоктон калган эски тактар да бар болгонун айтышкан. Бул факты боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө аял баласын шымына сийип койгондугу үчүн сабаганын айткан. Кийин келиндин туугандары табылбай жатканын, анын жана баласынын эч кандай документтери жок экенин Ош шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгынан маалымдашкан.



Ошто келин наристесин сийип койгону үчүн эсинен танганча сабап салды

Автор: Айпери Ганыжан кызы
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(23)
Super TV
05.02.2018. 22:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
15-01-2018
Соӊку аракети:
04-08-2018 11:25
Жынысы:
Белгисиз
+4
Айбан түрмөдө чирип өл.колуң сыңгыр
Super TV
08.02.2018. 18:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
27-11-2017
Соӊку аракети:
11-09-2018 23:52
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ой тообо заман эмес адамдардын мүнөздөрү бузулган азыр жаш наристеде эмне күнөө адамдын жүрөгүн эзетго.
09.02.2018. 18:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
44
Катталган:
08-02-2017
Соӊку аракети:
16-09-2018 20:15
Жынысы:
Белгисиз
+8
Байкуш атасы намысынан өлөйүн деп аткандыр
09.02.2018. 18:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
05-04-2017
Соӊку аракети:
24-09-2018 17:03
Жынысы:
Белгисиз
+29
Огой баарыбир огойлугуно баратда?оз апасы болгондо балким кызы учун чуркамак,ал эми огой энеси бул кыздарды жакшы корбойтко деп калдым?кобун кордум огойлордун баарыбир оз балдарындай корбойт?балким ушул эне кун бербегендир?изилдеп корушунор керек?мурда кандай мамиле кылганын аялдын?
09.02.2018. 23:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
68
Катталган:
09-01-2015
Соӊку аракети:
25-09-2018 09:32
Жынысы:
Белгисиз
+7
Eli.91,туура айтасыз оз апана жетпейт балким жокчулуктун азабвн тартып байкуш кыз башынан эмнелерди откорбоду оор турмушда адамды мерез кылып психикалык жактан айнытат
09.02.2018. 18:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
05-04-2017
Соӊку аракети:
24-09-2018 17:03
Жынысы:
Белгисиз
+24
Бул кыздын атасы учунда огой энеси жооп бериптир?балким семяны башкаруу атасынын эмес огой апасынын колунда окшойт?
09.02.2018. 19:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
23-06-2013
Соӊку аракети:
19-06-2018 23:15
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
-3
кандай болгондо да огой энеби эне эмеспи бул жерде ошол келин 2жаш 8айлык баласын ургандыгы жонундо болуп атат,эн негизгиси бала озуно келип жакшы болуп кетуусун Кудайдан сурайбыз.
09.02.2018. 19:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
03-08-2014
Соӊку аракети:
28-07-2018 12:38
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+15
Оз энеси болсо кандай кылган кундо да чуркамакда, мумкун огой энесинен коп запкы жеп ташбоор болуп калгандыр, аныда иликтоо керек, психический травма барго, болбосо кантип журогу чыдап анчалык сабайт эле аял заты болуп алып.
09.02.2018. 22:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
27
Катталган:
10-05-2017
Соӊку аракети:
29-07-2018 17:14
Жынысы:
Белгисиз
+6
А баланын атасычы,аны да таап жоопко тартыш керек, атасы ким экенин билет бекен
09.02.2018. 23:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
77
Катталган:
22-01-2018
Соӊку аракети:
25-09-2018 18:45
Жынысы:
Белгисиз
+5
айыгып кетсин кудайдан болуп байкушум энесин деле тушунуш керекко чё та огой эне дегенден кийин ойлонуп калдым огой эне кун коргозбогону учун да уйдон качкан чыгар
09.02.2018. 23:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
68
Катталган:
09-01-2015
Соӊку аракети:
25-09-2018 09:32
Жынысы:
Белгисиз
+4
Оор турмуш адамды айнытат!!!жокчулук жашоосундагы кайгы капа да адамды жеп отуруп баары бир болуп калатда муну тушунуш керек.
09.02.2018. 23:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
30
Катталган:
09-12-2014
Соӊку аракети:
24-09-2018 21:28
Жынысы:
Белгисиз
+2
бугун 4чу гор больницада жаш келин каза болуп калды баласы менен пешеходтон отуп баратса машына сузуптур баласын 3чу больницада бутун кесиптир эки жарым жашта деди окшойт байкуш келин больницага келгиче баласын айтып безеленип келиптир анан озун жоготуптур карагылачы бир адам балам деп озу олуп жатсада сыздайт кебирлер минтип оз баласын эстен танганча сабайт бугун реанимациянын алдында туруп тигил келиндин каза болуп калганын коруп азырга чейин эсиме келе албай жатам бирого зар бироого кор дуйно
10.02.2018. 00:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
146
Катталган:
25-03-2015
Соӊку аракети:
25-09-2018 11:12
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кара-балта.
+4
aerforce, ии байкуш балага жаман болгон тура жожом десе энесине бутунан айрылып! Журогум ачышып кетти. Оо кудайым эч бир бала сыздабасынчы!
09.02.2018. 23:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
30
Катталган:
09-12-2014
Соӊку аракети:
24-09-2018 21:28
Жынысы:
Белгисиз
+2
томондо айткан окуяны урматтуу Супер инфо изилдеп корсонор байкуш женеси эле чуркап журду балким эртерек кан келсе аман калмак беле сузуп алган тарап эч бири жок болду эгер бир тоосу корунгон адамдын жакыны болсо сузуп алган тарапта тууган уругуда реанимациянын алдында толуп калмак анткени ошол жерде туруп баарын коруп жаттым башкасында бизгеда кырсык болуп
09.02.2018. 23:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
02-02-2018
Соӊку аракети:
25-09-2018 15:27
Жынысы:
Белгисиз
+1
ата-эне дагы кечиптирдаа. Окуп ичим ооруду (
10.02.2018. 00:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
30-01-2018
Соӊку аракети:
09-07-2018 22:51
Жынысы:
Белгисиз
-2
Жокчулуктун айынан ушинтти дегендерге кошулгум келбей турат.Себеби алты саны аман экен тыкылдап таза жумуш кылбайбы жокчулукта чонойгон балдар тытынып иштешет а бул кызыдын негизи эрки бош неме окшойт кайдан, кимден болсода 1 баланы ашырып алып ага кылган мамилесин карагыла байкуш наристеде эмне куноо оймоктой жерин тыйып журбойбу бала бага албаса.!
10.02.2018. 00:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
05-04-2017
Соӊку аракети:
24-09-2018 17:03
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эс тартып баштаганда оной энеден кордук корсо кээбир адам мерез болуп калат,анткени жакшы кун корбогон адамдын психикасы бузулат,бул кыз мурда эле уйдон кашчу болсо бул жерде бир соз бар?супер Инфо силер тактап коргуло?кыздын озунон юнтервю алгыла неге канчансын деп?балким ошондо кыз да жарылаттыр?атасы бул Кабарды угуп ооруп калды деп жатат?ал эми огой энеси бул жонундо угузбагыла дейт?атасы баласы учун ойлонсо?не себептен огой эне атасын тыят?не акысы бар алардын ортосун бузганга?
10.02.2018. 00:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
05-04-2017
Соӊку аракети:
24-09-2018 17:03
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бул кыздын мындай акыбалга келип калышына туздон туз ата-энесин куноолойм?анткени ата-энесинин куноосу бул жерде ото чон?оз апасы каза болгондон кийин атасыда жакшына аял албайбы?балдардыда ойлойтурган?алардын келечегинда ойлогон аял алуу керек эле?атасынын жоопкерсиздигинен мына кыз запкысын тартып отурат?огой энесинин суйлогонунон эле билинип турат?бул кызды жактырбашы,мурдатан эле бул кызга кун бербегендей сезилип жатат?шерменде болуп айылда баш которо албай калса силердин айынардан болду?
10.02.2018. 01:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
28-12-2017
Соӊку аракети:
25-09-2018 13:21
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
кемин району орловка шаары
0
Байкуш келин өлөрдөда балам деп безелениптир
баласына боорум ачыды бутунан энесинен ажырап
менда төрөп бүткөндөн кийин кровотечения болуп өзүмү жоготуп атыпда баламды алмаштырып койбогула деп безелениптирмин күйөмө операцияга кирип кетип атыпта чалдырып балдарды жакшы кара дептирмин бирок алладан болуп тирү калып балдарымын маңдайында эсен соомун
кантип жүрөгү барды экен сабашка тарбияла жакшы сөз менен болбой баратса чывык менен бутуна эскертү берип бир эки чаап кой анчалыка
10.02.2018. 09:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
121
Катталган:
21-05-2016
Соӊку аракети:
25-09-2018 19:25
Жынысы:
Белгисиз
0
tmttmt,кызыксыз.кенедей 3жаштагы баланы кантип чывык менен чаап эскертуу бериш керек?Бала эмнени тушунмок эле?!7жашка чейин чапмак турсун катуу урушканга да болбойт!
11.02.2018. 16:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
54
Катталган:
30-01-2017
Соӊку аракети:
04-09-2018 22:19
Жынысы:
Белгисиз
0
barakcha,пассивная агрессия деп коет беле. Озунон улуу озу менен тендерге болгон ызасын кичинекейлерден чыгарып алат. Анткени дилинде аябай коркок жалтан болот. Ата энеси кызын бироолорго жертва кылып тарбиялаганы окунучтуу.Мээримге зар болуп чонойгон кыз сен жакшысын деп айтып койсо бут жан дилин арнап койгондур. А эркек анын бул абалын пайдаланган да. Ошол учун баарыбыз кыздардан мээримди аябайлы ата энелер. Кочодон эмес уйдон сезсин мээримди жылуулукту
10.02.2018. 15:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
26-01-2017
Соӊку аракети:
12-09-2018 16:27
Жынысы:
Белгисиз
-1
Депкир-не?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114638;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: