реклама
Супер-Инфодо жарнама
SUPER.KG порталында жарнама
Реклама в Супер-Инфо
Реклама на SUPER.KG
super.kg logo
  Саясат  

КҮНСЕРЕП: Кыргыздын тиреги "Салим байбачабы?"

 

Бүгүн, 13-февраль. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

30 миң доллар өлчөмдө мамлекеттин акчасын өзүнө ыйгарып алган деген шек менен кармалган Жогорку Кеӊештин аппарат кызматкеринин окуясын парламенттин Эл аралык иштер жана коопсуздук комитети бүгүн журналисттерди катыштырбай талкуулады. Депутаттарга УКМКнын төрагасынын орун басары маалымат берди.

Буга чейин Жогорку Кеӊештин аппараты 30 миӊ доллар мыйзамсыз ыйгарылып кеткенин айтып УКМКга арыз жазганы маалым болгон. Факт боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин ачып, 9-февралда УКМК шектүү катары Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер жана коопсуздук комитетинин бөлүм башчысы Арсен Закировду кармап, камакка алды. 30 миӊ доллар - Чыӊгыз Айтматов атындагы сыйлыкка ыйгарылуучу акча болгон. КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын Айтматов атындагы сыйлыгы Кыргыз тараптын сунушу менен 2012-жылы уюшулган. Ага ылайык, жыл сайын маданият, илим, адабият жана искусствого кошкон олуттуу салымы үчүн 1 адамга Чыӊгыз Айтматов атындагы медаль, атайын күбөлүк жана 30 миң доллар тапшырылып келет. 2013-жылы сыйлык орусиялык “Литературная газета” басылмасынын башкы редактору Юрий Поляковго, 2014-жылы азербайжандык жазуучу Анар Рзаевге, 2015-жылы армениялык жазуучу Грач Тамразянга, 2016-жылы Кыргыз акыны Шайлообек Дүйшеевге берилген. 2017-жылкы лауреат жарыяланган эмес, көрсө сыйлыкка берилүүчү акча минтип "киши колдуу" болуп кеткен экен.

Эмне үчүн мамлекеттин акчасын уурдады деп шектелип кармалган адамга байланыштуу иш жабык эшик артында каралат? Ал адам Жогорку Кеңештин кызматкери болгон үчүнбү? Бир нече кызмат адамынын көзөмөлүнөн өтүп берилүүчү акчаны шектүү өзү жалгыз эле алып, өзүнө ыйгарып алганбы? Бул канчалык реалдуу? Суроолор көп, азырынча тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн деп көп маалымат ачык айтылбай жатат.

Жогорку Кеӊештин депутаты Каныбек Иманалиевдин айтымында, бул сыйлык тапшырылгыча 3 баскычтан өтөт. Алгач КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын мүчөлөрү сыйлыкка өз талапкерлерин сунуштайт. Кийин маселени ассамблеянын атайын комиссиясы карап, андан соӊ чечим кабыл алынат. Андыктан жогорудагы кылмыш бөлүм башчы жалгыз жасай турган иш эмес. Демек, тергөөдө дагы бир канча ысымдар аталышы мүмкүн. 30 миӊ долларды өздөштүрүүгө жол ачкан документ Эл аралык иштер комитетинин мурдагы төрагасы Аскарбек Шадиевдин колу коюлуп Жогорку Кеӊештин төрагасына келип түшкөнүн ал кездеги парламент спикери Чыныбай Турсунбеков ММКларга билдирди. Бирок маалыматты Жогорку Кеӊеш да, башка тийиштүү органдар да тастыктай элек. Аталган комитетти 2016-жылдын ноябрынан 2017-жылдын декабрына чейин Аскарбек Шадиев жетектеп турган. Жогорку Кеңеш ошол үчүн окуяны жабык эшик артында талкууладыбы? Жыйынтык чыгарууга эрте. Кантсе да эл аралык сыйлыктын акчасын уурдатуу Кыргыздын аброюна сокку урган жагымсыз окуя болду. Жакында президент Сооронбай Жээнбеков бир карын майды бир кумалак чиритет деп УКМК, Башкы прокуратура өӊдүү органдарды коррупционерлерден тазалоону талап кылган. 30 миӊ доллар окуясы кумалактар Ак Үйдүн имаратында деле кеңири экендигин көрсөттү. Азырынча тийиштүү органдар “30 миң доллар уурдады” деп майда коррупционерлерге ууга чыкканын көрсөтүшүүдө. Миллиондогон доллар уурдалган фактыларга кезек жете элек...

Интернетке өзбекстандык ишкер, коомдук ишмер “Салим байбача” лакап аты менен таанымал адам тартылган видео тарап, кызуу талкууга алынууда. Тасмада Жогорку Кеӊештин 3 жолку депутаты Нургазы Айдаров менен Ош облусунда таасирдүү ишкер Жалил Атамбаев өзбекстандык олигарх Салим Абдувалиевди ортого алып, ага ыраазычылык билдирип жатышкан учур тартылган. Айдаров олигарх Абдувалиевди "Кыргыздын тиреги" деп атап "Салимбай ака тирүү кезинде, биз, кыргыздар тирүүбүз" дегенин угууга болот. Жалил Атамбаев да Абдувалиев менен сыймыктанарын, Абдувалиев президент Сооронбай Жээнбековду колдой турганын айтып, ыраазычылык билдирген. Бул экөөнөн айырмаланып, Салим Абдувалиев “эки элдин, эки өлкөнүн ынтымагы бекемделсин” деген ниетин айтат. Тасма качан, каякта тартылганы белгисиз. Жалил Атамбаевдин “биздин президент Сооронбай Жээнбековду колдойт” дегенине караганда жакынкы аралыкта тартылган окуя.

Нургазы Айдаров Жогорку Кеӊештин бир нече чакырылышынын депутаты. 2007-2010-жылдары "Ак жол" партиясынан депутат болсо, 2010-2015-жылдары "Ата Журт" партиясынан парламентте депутат болгон. Бир тууган иниси Салайдин Айдаров учурда "Кыргызстан" партиясынан Жогорку Кеӊеште депутат. Жалил Атамбаев Ош облусунун Кара-Кулжа районунан чыккан, аты көп аталып, бирок эл көзүнө көп көрүнө бербеген таасирдүү ишкер. Ош аэропортундагы ИИМдин транспорттук башкармалыгынын мурдагы жетекчиси. 2015-жылы парламент депутаты Жанар АкаевЖалил Атамбаевдин ишканасы Баткенде мыйзамсыз көмүр казып жатат” деп мамлекеттик мекемелерден буга карата чара көрүүнү талап кылып чыккан. Ал эми Салим Абдувалиев Өзбекстандын Улуттук олимпиада комитетинин төрагасынын орун басары, ишкер. Ал "Салим байбача" деген каймана ат менен да таанымал. Белгилүү ишкер коомчулукта Өзбекстанда кылмыш дүйнөсүнүн "аталыгы" катары да айтылып жүрөт. Бирок анын кылмыш чөйрөсүнө тиешеси тууралуу расмий маалыматтар жок. Бул адамдын ысымы Кыргыз жеринде 2015-жылкы парламенттик шайлоонун алдында да аталып, талкууга түшкөн. Интернетке "Кыргызстан" партиясынын шайлоо алдындагы иш-чараларынын бирине Салим Абдувалиевдин ишенимдүү кишиси катышканы жөнүндө маалыматтар чыккан.

Коңшу өлкөнүн кайсы бир ишмерин “кыргыздын тиреги” деп атоо, албетте, коомчулуктун кескин сынына кабылды. Президенттик шайлоо алдынан Казакстандын өлкө башчысы Нурсултан Назарбаевдин расмий кабыл алуусунда болгон Өмүрбек Бабанов өлкөнүн кызыкчылыгын саткан адам катары болуп көрбөгөндөй сындалып, “шестерка” деген атка кабылган эле. Өзбекстандык ишкерди “Кыргыздын тиреги, президентибизди колдойт” деп мактап жаткан азаматтарга караганда коңшу өлкөлөрдүн колдоосун жалгыз эле Бабанов издебеген өңдүү.

8-февралда өткөн Коопсуздук кеӊешинин жыйынында өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков “коррупция менен күрөшүүсү керек болгон мамлекеттик мекемелер, айрыкча алардын жогорку кызматтагылары өздөрү коррупцияга малынып калды. Атүгүл облустук деӊгээлдеги кызматкерлер жан сакчылар менен жүрүп калышты. Анткени алар былык иштерге аралашкан. Элди коргой турган органдар эмне үчүн жан сакчы менен жүрүшү керек? Өзүңөр жан сакчы менен араң жүрсөңөр элди кантип коргойсуңар?" – деп кескин сындаган. Ажонун бул сөздөрүн жана тапшырмаларын коомчулук колдоо менен кабыл алган. Жээнбеков бүгүн УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаевди кабыл алып, ага Коррупцияга каршы кызматтын ар бир кызматкеринин ээлеген кызматына ылайыктуулугун карап чыгуу тапшырмасын берди.

Жогорудагы видео тийиштүү кызматтар тарабынан Жээнбековдун сынына жооп иретинде интернетке жайылтылып жиберилген жокпу?..


кошулду


 
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг -1 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарга кирди:

Кабарлардын саны:
108162;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: