Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын жанындагы көпүрөдөн Нарын дарыясына секирген 18 жаштагы студент кыз куткарылды. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Алардын айтуусуна караганда, Нарын дарыясына секирген кыз Жалал-Абад шаарындагы жогорку окуу жайлардын биринде 1-курста окуйт.
"Кечээ, 12-февралда саат 18:30дар чамасында көпүрөдөн Нарын дарыясына белгисиз кыздын секиргендиги тууралуу маалымат түшкөн. Таш-Көмүр ШИИБинин ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барып, ал кыз көпүрөдөн суунун агымы менен 250 метрдей ылдый агып барып суунун жээгиндеги жарда асылып турганын көрүшкөн. Ошол жердеги жарандар менен биргеликте суудан чыгарылып, ооруканага жеткирилген. Кийин ал кыздын аты-жөнү такталып, Жалал-Абад облусунун тургуну экени, Жалал-Абад шаарындагы жогорку окуу жайлардын биринде 1-курста окуй турганы маалым болгон. Ал кыздан эмне себептен көпүрөдөн секиргенин сураганда түшүндүрүп айтып бере албастыгын жана эч кимге доосу жоктугун билдирип, арыз жазуудан баш тарткан. Ал Таш-Көмүр шаарында турган туугандарынын үйүнө бара жаткан", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.