Аксыдагы жол кырсыгынан аман калган мугалим: "Кесиптешим кырсык болгон учурда кызын кучактап аман алып калып, өзү каза болуп калды"

Аксыдагы 2 мугалимдин өмүрүн алган жол кырсыгынан аман калган Гүлмира Таштанованын абалы учурда турукташып калды. Ал үйүндө дарылануусун улантууда. SUPER.KG порталына окуянын кандай болгонун айтып берди.

"Биз оюндан болжол менен саат 17:10до чыктык. Мектеп директорубуз борборго келип тургула, ошол жерден алып кетем дегенинен биз ал жакка кетип баратканбыз. Бешөөбүз болчубуз. Бир убакта катуу ылдамдыкта келе жаткан унааны көрүп, ары качканга үлгүрдүм. Ошондо да ал унаа менин жамбаш жагымдан челип өтүп, 3 мугалимди жолдун бетонуна жабыштыра сүздү. Ал эми бирөө качып кеткенге жетишиптир. Каза болгон Гүлазым Сармырзаеванын жанында кичине кызы бар болчу. Ал унаа келип сүзгөндө кызын ичине катып, аман сактап калыптыр. Буюрса, кызынын абалы жакшы".

Кесиптештери көз алдында каза болгонуна ишенгиси келбей жаткан Гүлмира Таштанованын айтымында, кырсык болгон убакта бутунан баспай калып, оор жаракат алган Айчүрөк Исманова ооруканага жетпей каза болуп калган.

Ошондой эле ал окуя болгон күнү волейбол оюну учурунда Гүлазым Сармырзаева кызын кайра-кайра өпкүлөп, эркелетип жатканын кошумчалады.

Эске салсак, 10-февралда Аксы районунун борбору Кербен шаарында милиция кызматкери унаасы менен 4 мугалимди сүзүп кетип, экөө каза болгон. Ал эми дарыгерлер жаракат алып ооруканага түшкөн мугалимдердин бирине операция жасалганын кабарлашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
SERENADA.
2018-02-13 17:31:25
Ахмак айдоочу, ушундай да катуу журосунбу. Жок жерден эки адамды олтуруп манкурт.
+14
gul3ina
2018-02-13 17:36:00
Абайлап айдоо деген жок буларда айтып атып тилибиз тешилди го
+10
Aitik
2018-02-13 17:41:14
Эне мееримине эч нерсе жетпейт..Бейиштин торундо кызын кучактап сактап озу жан берген эне

Кайдагы бир суйуу суйуу.. болбогон жомок
Милиция сага боорум ооруп турат.. сенде деле аял бала чака бар.. арам акчаларын ушул жолго алып келди сени..
+12
Bobina
2018-02-13 17:42:53
Кырсык коз ачып жумганча болуп кетет. Машинаны акырын айдоо керек
+5
Azatbek83
2018-02-13 17:52:46
Жайлары жаннатта болсун.Пенде билет олоорун деген чындык экен!
+6
Kg-rus
2018-02-13 18:12:27
Ордуна отура албай кооп канча адамдын жанын кыйды
+1
Arlenchik
2018-02-13 18:23:16
Жайлары жанаттан болсун, ото окунучтуу окуя, тиги акмакты олум жазасына тарткыла акмакты! эдирендеп кыйын болуп айдадыда, кылганын мойну мн тартсын, ал акмак ошондой жазага татыктуу.
+5
Omurbek998
2018-02-13 18:39:17
Суроттогу бмв сузгонбу
0
Nanei
2018-02-13 19:07:19
Менин оюмча айдоочу МАС болуш керек,,жеке оюм
+1
1919
2018-02-13 19:18:19
Сузгон бала качан корсон катуу айдап журчу экен. Машинасынын алдынкы терезелеринда капкара кылып тонировкасын чечпей машинасына номерин такпачу дешет.Карга карганын козун чокубайт болуп жаап жашырып жатышат.Суротто деле номери жок турат.
+3
aiko8908
2018-02-13 21:24:27
Жаткан жерлери жайлуу болсун Айчурок группалашым эле жакшы кыз болчу, жакындарына сабыр!
0
Bakyt7492
2018-02-13 22:50:13
Өзү бизде погончондор Кудайдан кийин өздөрүн коюп алышкан.Болбосо биринчи болуп алгысы келет.Ыйман ынсап деген жокко эсе.
+1
kani-esen
2018-02-13 22:52:13
Эмнеге кичине кызы жонундо жазбайсынар? Ал кичине кыз да ошол аварияда болгон экен го. Апасы тосуп калам деп озу каза болсо кызы да анча мынча жаракат алган болсо керек.? Сурап толук жаза бергиле. Жаап жашырбай...
0
admin_superstan
2018-02-14 13:12:55
taalay25, адамдын намысына шек келтирген сөздөрдү жазууга тыюу салынат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан