Республика боюнча, өзгөчө аймактарда "Тез жардам" унааларынын муктаждыгы курч бойдон калууда. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда SUPER.KG'ге Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясаты боюнча башкармалыктын башчысы Саматбек Тойматов билдирди.
Тойматовдун билдирүүсүнө ылайык, 2017-жылы өлкө аймагы боюнча жарандар тарабынан "Тез жардам" кызматына 775 миң чакыруу келип түшкөн.
"Учурда өлкө боюнча жарандарга тез жардам көрсөтүүдө 275 унаа кызмат көрсөтүп жатат. 2014-жылы Орусиядан чыгарылган УАЗ үлгүсүндөгү 87 унааны сатып алганбыз. Заманбап жабдуулары менен унаалар биздин базабызда саналуу эле. Ал эми 2015-жылдан бери жалпысынан дагы 25 унаа менен толукталган. "Тез жардам" кызматына тоолуу аймактарыбыздагы жолдорубузга ылайыктуу унааларды алуу муктаждыгы бар. Жалпысынан аймактарга 300гө жакын унаа керек", - деп билдирди Тойматов.