Экономика министри Артём Новиковго жана министрликтин кызматкерлерине кыргыз тилин үйрөтүүгө мамлекеттик бюджеттен 324 миң сом жумшалат. Бул тууралуу жарыя Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, келишимге кол коюлгандан тарта үч ай ичинде министрлик кызматкерлеринин тил үйрөнүшү үчүн 288 миң сом коротмокчу. Ал эми министр Артём Новиков үчүн үч ай убакытка 36 миң сом каралган.
Эске салсак, 2017-жылы август айында өкмөттүн курамын бекитүү боюнча маселе Жогорку Кеңеште каралып жатканда депутаттар Новиковдун кыргыз тилин билбегени үчүн сындаган. Ал учурда премьер-министр Сапар Исаков Новиков мамлекеттик тилди үйрөнө турганын айткан.