super.kg logo

ТЕСТ: Сүйүү деген сүйүү эмес эринден... Сезимдердин падышасы тууралуу билгениңизди тесттен сынаңыз

 

Бүгүн, 14-февралды дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү Ыйык Валентин же сүйүү күнү катары белгилеп келишет. Бул күн Америкада 1777-жылдан тарта, ал эми КМШ мамлекеттеринде 1990-жылдан баштап белгилене баштаган. Акыркы жылдарда көпчүлүк өлкөлөр сыяктуу эле Кыргыз мамлекетинде да бул күндү сүйүү күнү катары белгилөөгө тыюу салуу сунуштары айтылып келет. А бирок сүйүүгө тыюу салынган эмес. Анда, күчтүү сезимге байланыштуу маалыматыңызды тест аркылуу сынаңыз.




1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

12

Сүйгөн адамыңа канча даана гүл берүү керек?

Сүйгөнүңдүн табитине жараша каалаган гүлдү каалаган санда берсең болот. Бирок жуп болбошу керек.

Кийинки суроо


3 даана
1 даана
100 даана
Каалаган санда берсең болот, бирок жуп болбошу керек

Кайсы өлкөдө 14-февраль күнү кыздардын биринчи көргөн мырзасы анын өмүрлүк жары болот?

Британияда турмушка чыга элек кыздар таң атпай туруп алып, терезеден ары-бери өткөн мырзаларды карашат. Уламышка ылайык, кыз кайсы мырзаны биринчи көрсө ал анын өмүрлүк жары болот.

Кийинки суроо


Улуу Британияда
Украинада
АКШда
Түштүк Кореяда

Сүйүү күнүн расмий түрдө майрамдоого тыюу салган жалгыз өлкөнү атаңыз...

14-февралды сүйүү күнү деп расмий түрдө майрамдоого тыюу салган жалгыз өлкө - бул Сауд Арабия. Эгерде кимдир бирөө мыйзамды бузса, жоопко тартылат.

Кийинки суроо


Иран
Катар
Пакистан
Сауд Арабия

Алмазбек Атамбаев "Мен сенсиз жашай албайм" деген ырын качан жазган?

Экс-президент Алмазбек Атамбаев бул ырын 2016-жылы 6-июлда ырдап чыккан. Өзүнүн айтымында, бул сүйүү тууралуу ырын 2009-жылы жазган.

Кийинки суроо


2017-жылы президенттик кызматтан кетип жатып жазган
1979-жылы студенттик кезинде жазган
2009-жылы коомдук-саясий иштер менен алектенип жүрүп жазган

Сүйүшкөндөргө белгилүү жарылган тоо кайда жайгашкан?

Жарылган тоо сүйүшкөн жаштарга өтө белгилүү. Ал Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда жайгашкан.

Кийинки суроо


Кадамжайда
Бакай-Атада
Тогуз-Тородо
Жети-Өгүздө

"Сүйүү кулпусу" деген көпүрө кайда жайгашкан?

"Сүйүү кулпусу" деп аталган бул көпүрө Парижде жайгашкан. 2008-жылдан бери Парижге келген туристтер бул көпүрөнү "Сүйүү кулпусу" катары санап, ага кулпуларды бекитип келишкен. Бирок илинген кулпулардын оордугунан улам көпүрөнүн тосмосу урап калып, кулпу илүүгө тыюу салынган.

Кийинки суроо


Кытайдын Шэньчжень шаарында
Германиянын Берлин шаарында
Франциянын Париж шаарында

Миллиондогон кыздарды ыйлаткан түрк сериалын атаңыз...

"Түбөлүк сүйүүнүн" фанаттарына капыстан "бомба" түшкөндөй болду. Аягы "хеппи эндге" жакындап баратып эле сериалдын башкы каарманы Кемаль өлүп калды. Бул социалдык тармактарда, эки курбунун башы кошулган жерде, үйдө, көчөдө, базарда талкууланып, айтор, Кемалдын өлүмүнө кайдыгер адам калбады.

Кийинки суроо


"Ак-кара сүйүү" сериалы
"Жаңы келин" сериалы
"Түбөлүк сүйүү" сериалы

Сүйүү күнүн белгилөөгө себепчи Валентин өзү ким болгон?

14-февралды сүйүү күнү деп белгилөөгө 269-жылы өлүм жазасына тартылган христианин Валентин себепчи болгон. Рим императору Юлий Клавдий II империя солдаттарынын үйлөнүүсүнө тыюу салганда Валентин чиркөө кызматкери болгондуктан түгөйлөрдү жашыруун түрдө үйлөндүрүп турган. Муну билип калгандан кийин Клавдий аны өлүм жазасына тартууну буйрук кылган.

Кийинки суроо


Чиркөө кызматкери болгон
Рим императору Юлий Клавдийдин оң колу болгон
Аскер адамы болгон
Сүйгөнүнүн артынан өмүр бою чуркап жүрүп өлүп калган адам

"Канат менен Зарина" поэмасын окусаңыз керек. Канат чыгарманы жазган Сооронбай Жусуевдин кимиси болгон?

"Канат менен Зарина" поэмасын Кыргыз Эл баатыры Сооронбай Жусуев жазган. Чыгарма болгон окуянын негизинде жазылган. Жигити Канаттын мезгилсиз каза болгонун уккан соң Зарина өз жанын кыюуга бет алып, унаасы менен дарактарды сүзүп каза болгон. Канат Жусуевдин небереси болгон.

Кийинки суроо


Коңшусунун баласы
Небереси
Окурманы

Армандуу "Акшам" ырын угуп канча адам өз жанын кыйган?

Түркиялык композитор жана ырчы Мурат Кекилинин "Акшам" деген аталыштагы обондуу ырын угуп 213 адам өз жанын кыйганы айтылып келет. Алардын көпчүлүгү бул муңдуу ырды угуп, жашоодон кечкенин жазып кетишкен тил каттарынан белгилүү болгон.

Кийинки суроо


55
138
213

Өткөн жылы 14-февралда канча түгөй баш кошкон?

2017-жылы 14-февралда Кыргыз Республикасынын аймагында 175 түгөй баш кошкон. Алардын 17си Бишкек шаарында никесин каттаган.

Кийинки суроо


200
175
150

14-февралда сүйүү күнү кайсы шаардагы мектептерде белгиленбейт?

Ош шаарындагы мектептерде белгиленбейт. Шаардык билим берүү башкармалыгы мындай иш-чара окуучулардын тарбиясына терс таасирин тийгизет деген негизде 5 жылдан бери шаардагы мектептерге сүйүү катын салган кутучаларды орнотууга, оюн-зоок программаларын өткөрүүгө тыюу салып келет. Быйыл да тыюу салынды.

Кийинки суроо


Баткен шаарындагы мектептерде
Бишкек шаарындагы мектептерде
Ош шаарындагы мектептерде
Нарын шаарындагы мектептерде

"Гүлсарат", "Ак кеме"... Айтматовдун чыгармаларын унута элексизби?

Сиздин упайыңыз

70
Туура жооп: 9
Ката жооп: 5
Жалпы: 14 суроо
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(24)
14.02.2018. 23:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
261
Катталган:
14-11-2015
Соӊку аракети:
25-09-2018 17:15
Жынысы:
Белгисиз
-4
50
14.02.2018. 23:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
74
Катталган:
20-01-2018
Соӊку аракети:
18-09-2018 21:21
Жынысы:
Белгисиз
-17
25 балл. Сауд аравида суйуу деген жокко э. Ош шаарында белгилебегени жаман экен. Бул туура эмес. Ушинтип динге жамып алышып адамдардын жеке жашоосун кийлигишпеш керек. Молдолорду укпагыла. Ар бир адамдын жеке иши, белгилейби же жокпу. Эркин ой жугуртолу. Мусулман десе эле жон эле сокур фанат боло бербей. Биз бугун досторубуз менен абдан жакшы белгиледик. Дин мамлекттин жана адамдардын жеке жашоосуна кийлигишпеш керек.
yrmat88 түзөттү 2018-02-14 23:59:05
15.02.2018. 18:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
30-07-2016
Соӊку аракети:
09-07-2018 16:12
Жынысы:
Белгисиз
0
yrmat88,Сен досторун менен белгилеп журо бер эл менен ишин болбосун эл озу билет же сенден сурайбы...Сен жок дегенде досторун менен жума намазынды белгилеп турганында ото коп соопко ээ болмоксун все такие мусулмансынар да.
15.02.2018. 00:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
03-02-2018
Соӊку аракети:
25-09-2018 17:35
Жынысы:
Белгисиз
-11
Ошто деле белгилей беришсе болмок. Бишкекте жакшы эле белгилешти. Бир эле динди карап иш кыла бербеш керек. Баарынарга суйуу, бакыт каалай. Суйуу болсо бекем уй було да болот.
15.02.2018. 00:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
03-02-2018
Соӊку аракети:
23-08-2018 17:53
Жынысы:
Белгисиз
-2
59 болуп калды гоо
15.02.2018. 00:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
22
Катталган:
17-08-2014
Соӊку аракети:
25-09-2018 16:58
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
ош
-4
92балл суйуу десе
15.02.2018. 00:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
03-02-2018
Соӊку аракети:
25-09-2018 17:35
Жынысы:
Белгисиз
-5
nuri_kerben,
Суйуун бекем окшойт. Жакшы.
15.02.2018. 00:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
20
Катталган:
22-01-2017
Соӊку аракети:
16-08-2018 20:47
Жынысы:
Белгисиз
+9
Эээч кандай майрам эмес.14-февраль суйуу куну эмес,суйгуло жылына 365 сутка суйгуло,кун сайын суйгуло.
15.02.2018. 00:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
22
Катталган:
17-08-2014
Соӊку аракети:
25-09-2018 16:58
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
ош
-2
Негизинен суйуу бул бар нерсе албетте а бирок суйууго бекем турган адамдар гана чын суйуунун даамын тата алат деп эсептейм
15.02.2018. 00:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
518
Катталган:
04-01-2018
Соӊку аракети:
03-07-2018 13:36
Жынысы:
Белгисиз
-4
67-балл
15.02.2018. 02:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
20-03-2016
Соӊку аракети:
21-09-2018 01:59
Жынысы:
Белгисиз
0
84бал романтиксин дейт го
15.02.2018. 02:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
455
Катталган:
03-11-2013
Соӊку аракети:
25-09-2018 15:49
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
-2
67балл
15.02.2018. 03:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
05-08-2017
Соӊку аракети:
22-09-2018 16:45
Жынысы:
Белгисиз
+7
Биринчиден Аллахты суйгуло Аллах силерге туболуктуу бейиш ырахатын тартуулайт. Экинчиден ата энени суйгуло силер учун ата энедей эч ким күйө албайт суйунсонор ата энедей эчким суйуно албайт силер үчүн мээримин төгүп турат. Үчүнчү бир туугандарды суйгуло өйдөдө өбөк ылдыйда жөлөк болушат. Андан кийин мага десенер саат сайын кызды же баланы жакшы көргүлө бирок суйбогуло бала белде катын жолдо же жигиттин кара торусу кыздардын жүрөк оорусу деп басып кетиши мүмкүн бирок ата эне эч качан таштабай
15.02.2018. 04:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
68
Катталган:
30-11-2011
Соӊку аракети:
25-09-2018 18:32
Жынысы:
Белгисиз
-3
17 балл.Эн жакшы,,озум учун.2 туура жооп калганы ката.
15.02.2018. 11:10 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
4715
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
25-09-2018 18:22
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Супер-Инфо
+1
nurgaz, коомдук адепке туура келбеген сөздөрдү жазууга тыюу салынат. Эскертүү!
15.02.2018. 12:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
45
Катталган:
17-08-2017
Соӊку аракети:
25-09-2018 16:12
Жынысы:
Белгисиз
-2
100 баллл
15.02.2018. 12:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
42
Катталган:
24-12-2016
Соӊку аракети:
24-09-2018 19:21
Жынысы:
Белгисиз
-1
67
15.02.2018. 15:18 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
30
Катталган:
01-01-2017
Соӊку аракети:
11-06-2018 16:43
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар жерге динди кошкон Исламды жабынган фанаттарга айтаарым силер эмне жылына бир эле жылы суйосунорбу?!Кундо 24 саат жылда суйгуло да!Германия молодцы бул кунду Писихический жактан жабыркагандарды коргоо куну деп белгилешет.Так что психдер корунгон жерге динди кошо бербегиле!
15.02.2018. 16:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
324
Катталган:
18-09-2015
Соӊку аракети:
25-09-2018 17:23
Жынысы:
Белгисиз
0
67 бал болуп калды
Атамбаевдин ырын 79-жылы жазганго деп ойлогом
15.02.2018. 17:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
328
Катталган:
29-06-2016
Соӊку аракети:
25-09-2018 11:18
Жынысы:
Белгисиз
0
50бал
09.03.2018. 02:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
160
Катталган:
21-01-2015
Соӊку аракети:
24-09-2018 08:35
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан-Москва
0
25 балл
31.03.2018. 12:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
05-12-2016
Соӊку аракети:
21-05-2018 01:12
Жынысы:
Белгисиз
0
Суйуудо эн мыкты романтик экенсиз:-дейт гоо чиркин озумо ишене албай турам
08.04.2018. 12:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
253
Катталган:
14-11-2015
Соӊку аракети:
26-08-2018 21:56
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Шахризааданын жомогу
0
Коомдук-саясий иш менен алектенип жүрүп сүйүү жөнүндө ыр жазып жүргөн экен да көрсө.Айтам эмне эле кээде дөөрүп сүйлөп коё берет деп,бир мезгилде эки башка иш м-н алектенип нагрузка келип жүргөн экен да көрсө
10.04.2018. 18:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
13-12-2017
Соӊку аракети:
25-09-2018 09:28
Жынысы:
Белгисиз
0
92 балл
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114638;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: