Экономика министри Артём Новиковдун жана башка кызматкерлердин мамлекеттик тилди үйрөнүүсүнө каралган каражат боюнча интернетте кызуу талкуу уланууда. Министр Артём Новиков бүгүн, 14-февралда ушул теманын тегерегинде журналисттердин суроолоруна жооп берип, эгер коомдо бул нааразычылыктарды жаратса, андан баш тартууга даяр экенин айтты.
"Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил билүүнү жакшыртуу боюнча мамлекеттик программанын негизинде биз министрликтин бардык кызматкерлерине сурамжылоо жүргүзгөнбүз. Анда министрликтин бардык кызматкерлери бул сунушту колдоого алышты. Бүгүн Экономика министрлигинин борбордук аппаратында 180 кызматкер бар, ал эми министрликтин бөлүмдөрүн кошкондо 350дөн ашык. Ал эми айына 12 миң сомдон кароо боюнча адистер иш алып барган. Мен жумасына 5 күн тил үйрөнүү курсуна катышам. Эгер бул чоң коомдук нааразычылыктарды жаратса, мен мындан баш тартып, өз эсебимден тил үйрөнүүгө даярмын", - деди Новиков.
Министрдин маалыматы боюнча, каралган каражаттын эсебинен министрликтеги 100 кызматкер мамлекеттик тилди үйрөнмөкчү.
Белгилей кетсек, экономика министри Артём Новиковго жана министрликтин кызматкерлерине кыргыз тилин үйрөтүүгө мамлекеттик бюджеттен 324 миң сом жумшала турганы боюнча маалыматтар кечээ, 13-февралда жарыяланып, бул интернеттеги чоң талкуулардын жаралышына жем таштаган болчу.