Австралияда 40 жыл чогуу жашаган аялы күйөөсүнө сүйүү күнүндө бир бөйрөгүн берди

Австралиялык аял сүйүү күнүндө күйөөсүнө бир бөйрөгүн берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, Дэвид Сантамари 2005-жылы сейрек кездешүүчү ооруга кабылган. Өткөн жылдын март айында дарыгерлер Дэвидге бөйрөгүн алмаштырбаса өмүрүнө коркунуч келе тургандыгын айтышкан.

Девидге донор болууга 40 жыл бирге жашаган жубайы Морин макул болгон. Узак убакыттык текшерүүдөн кийин Мориндин бир бөйрөгүн алып, жолдошуна салышкан.

Дэвид журналисттерге маек берип жатып, бул белекке жооп кылуу таттал иш экенин, ден соолугу жакшырган соң жубайы көрсөм деп кыялданып жүргөн Канада тоолорун көрсөтүп келүүнү убада кылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
dastan_nookat
2018-02-15 20:12:53
Чыныгы махабат экен
+9
erlan2196
2018-02-15 20:33:21
Креслого отуруп алыр кооз суйлогон же сындаган адамдарга сыйлык бербей, ушундай адамдарга нобель сыйлыгын бериш керек. Жакшы адамдар коп, алар мумкун сенин жанында журот, бирок аларды билиш кыйын.
+3
jasgul
2018-02-15 21:49:53
Суйуу кунуно шылтабай эле койгулачы. Бул чыныгы адамгерчилик, бири бирине болгон берилгендик, урмат...
+2
bond02
2018-02-15 23:10:55
эки журок бир суйуу.
+1
ludimira
2018-02-16 02:54:04
Ээ аял ушундай мееримдуу жанбыз да,эркек болгондо ордунда ойлонбосо да керек эле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан