Түркиядан тартылган кыргыз клиптери: Чет өлкөдөн клип тартуу модабы же атаандашуубу?

Кыргыз эстрада ырчылары жаңы чыгармасын угуузудан мурда, ага клип тарттырып, комплекстүү иштөөнү өздөштүрүп калышты. Ал тургай клипти чет өлкөдөн тарттырууну да адатка айлантып баратат. Кыргыз өлкөсүнөн тартылган клиптерди эмес, чет өлкөдө тартылган клиптерди көргөнгө кызыккандар көбөйдүбү? Же бул көрүнүш ырчылар арасында модабы? А балким, атактуулук үчүн күрөш болуп жүрбөсүн? Соболубузга ырчылар өздөрү жооп беришет.

Нурлан Насип, "Таттуу махабатым"

Кыргыз эстрадасынын мега ырчысы Нурлан Насиптин репертуарындагы 2 клиби Түркияда тартылган. Ырчы мырза: "Таттуу махабатым" деген чыгармамдын клибин Анталия шаарынан тартып келгенбиз. Ал эми "Мени унут" аттуу ырымдын клибин Түркияга концерттик турнеге барганыбызда тарта келдик. Бирок оңой эле тартыла калган жок. Себеби сюжетке ылайыктуу жерлерди, техникалык каражаттарды пайдаланууга уруксат ала албай убара тарттык", - дейт.

Данияр Эрматов, "Кетчи"

Ырчы Данияр Эрматовдун "Кетчи" деген бул ырынын клиби дагы Түркияда тартылган. Бир ок менен эки коён аткан ырчы Түркиядагы мекендештерге концерт коюп барганда клип тарттыра келгенин билдирди.

"Жыл башында Түркия мамлекетинде эмгектенип жүргөн жердештерибизге концерт тартуулоого барган элем. Клипке тартылуучу каармандарды табуу оор болду. Клипке тартабыз деп кыздар, балдарды издештирдик. Ылайыктуусун тапканыбыз менен, аларды ишинен бошотпой тоскоолдуктар жаралды. Айтор, клипке тартылуучу каарманыбызды алдын ала даярдап албагандыгыбыздын убарасын тарттык. Негизи клиптерден дайыма өзгөчөлүк издейм. Ошондуктан жаратылыш болобу, көчөлөр болобу, элдин көзүнө сиңе элек кадрлады клиптен көргүм келип, чет өлкөдөн тарттырдым", - дейт Эрматов.

Жакында эле өзүн актёр катары сынап көргөн ырчы Нурмат Садыров "Добулбас" тобунун ырчысы Эдил Маматов менен биргеликте дуэт жаздырган. Мырзалар дагы клипте өзгөчөлүк болсун деп Түркия мамлекетинен "Ыйлаба, жүрөк" чыгармасынын клибине сюжеттерди тарттыра келишкен.

"Түркияга мекендештердин чакыруусу боюнча барып, концерттик кече өткөрүп келгенбиз. Көп жылдардан бери биздин чыгармаларыбызга клип тартып жүргөн клипмейкер Эрнист Сыдыков да биз менен барган эле. Куру кол кайтпайлы деп, Эдил Маматов экөөбүздүн дуэтибизге деңиз жээгинен сюжеттерди тарттыра келдик. Клип толук кандуу бүтө элек. Анткени айрым сюжеттери Кыргыз өлкөсүнөн тартылат", - дейт.

Нияз Абдыразаков, "Салават"

Ырчы Нияз Абдыразаков дагы "Салават" деген ыйманга чакырган ырынын клибиндеги айрым сюжеттерин Түркиядан тарттырган.

"Ырчылар кооз жерлерди көрүп калса эле клип тартуу тууралуу ойлонуп башташат. Мен Кипр Республикасына эс алууга барып, ал жактын жаратылышынын кооздугуна суктанып, клип тартуу тууралуу ойлоп койгом. Экинчи жолу барганымда эс алуу менен жумушту жуурулуштура койдум. Клипти өз ишин мыкты билген клипмейкер тарткан жок. Ошол жактагы досторум 2 жумада клип тартуу боюнча интернеттен үйрөнүшүп, камераларды ижарага алып тартып беришти", - деди Абдыразаков.

KG Эльмурат, "Адашкан сүйүү"

Ал эми Түркияда тартылган клиптердин саны боюнча KG Элмурат сап башында турат экен. Эң биринчи "Адашкан сүйүү" деген чыгармасына тартылган клиптеги башкы ролду ошол жакта иштеп жүргөн кыздарга кастинг жарыялап, тандап алганын айтат.

"Түркия мамлекетинде аба ырайы ысык болуп, клип тартууда макияжыбыз эзилип бат-баттан сулууланууга туура келди. Ал эми клип үчүн Түркияны, деги эле башка өлкөлөрдү тандаганымдын себеби - бири-бирине коёндой окшош болгон клиптердин алдын алуу" , - дейт ырчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
trabzon11
2018-02-16 03:04:04
Ааа койчу ай
+2
Ramina-malina
2018-02-16 11:02:18
Баары бир клиптеринер коендой окшош сюжети,эч озгочолук жок...Кызды суйуп калат,артынан кууйт,пайлайт,ар бир экоосу жугурот анан бутту....
+4
Gena1
2018-02-16 11:16:42
Чынын айтсам, ушу KG Элмураттын ырларынын мааниси такыр жок. Же, мага эле ошондой сезилеби билдбейм.
+3
umar.kgz
2018-02-16 11:28:44
азыркы ырчылар жакпайт
+3
AKCAHAT
2018-02-16 12:12:58
Элмурат сулуу клип и Марстан же Айдан тартсан анан айтасын коёндой окшош клиптердин алдын алдым деп а так сен деле катардагыларга кошуласын))))
+4
Rasul94
2018-02-16 21:25:36
Анжелика жок го
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан