Казакстанда Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу менен бирге кармалган эки Кыргыз жараны да эки айга тергөө абагына камакка алынды. Мындай чечим Алматы шаардык соту тарабынан кабыл алынганын Казакстандын ЖМКлары жазууда.
Маалыматтарга караганда, Дамирбек Асылбек уулу менен чогуу камалгандар Уланбек Мурадилов менен Чыңгыз Абакиров. Аларга Казакстандын мыйзамдарына ылайык, "Экономикалык аткезчилик" жана "Улут аралык кылмыштуу тайпаны түзүү жана алардын үстүнөн жетекчилик кылууга аралашуу" беренелери боюнча айып тагылууда.
Белгилей кетсек, 15-16-февраль күндөрү Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан Алматы, Жамбыл жана Түштүк Казакстан облустарындагы чек ара аймактарында аткезчилик менен алектенген кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн кармоо үчүн атайын ири операция жүргүзүшүп, 35 адамды кармашкан. Алардын арасында 3 Кыргыз жараны бар экени жана анын бири Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу экени белгилүү болгон.
Өлкөнүн Башкы прокуратурасы бүгүн, 19-февралда кармоо учурундагы видеону расмий сайтына жарыялашты. Жарыяланган видеодо: "Анын жүрүшүндө Казак-Кытай, Казак-Кыргыз жана Казак-Өзбек бажы постторунда товарлардын контрабандасынын туруктуу схемалары аныкталды. Товарлар Орусиянын жана Казакстандын ири шаарларына жеткирилип жаткан. Операцияда жалпысынан кармалган 35 адамдын арасында бажы, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, ортомчулар, кылмыш дүйнөсүнүн уюшкан топтору, брокерлер бар", - деп айтылат.