Орусиялык биринчи каналдын "Время" маалыматтык программасынын диктору Екатерина Андреева убактылуу эфирге чыкпайт. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, кечкисин эфирге чыкчу "Время" маалыматтык программасын Екатерина Андрееванын ордуна Биринчи каналдын жетекчисинин орун басары Кирилл Клейменов алып барат.
"Андреева убактылуу гана эфирге чыкпайт. 19-февралдан тарта маалыматтык программалар жаңы жабдыктар менен жасалгаланган студиядан эфирге чыгып жатат. Андреева жаңы студияда иштөөгө үйрөнүп, ар кандай графикага жана студияда басып, сүйлөп жаңылык алып барганга көнгөн мезгилинде кайра эфирге чыга баштайт", - деп билдирген каналдын басма сөз кызматы.
Такталбаган маалыматтарга караганда, 2009-жылы каналдын жетекчиси Константин Эрнст Андрееваны жумуштан бошотуу тууралуу чечимин кабыл алган. Бирок бул чечим өлкө башчысы Владимир Путинге жетип, ал Андрееваны жумуш ордунда калтыруу боюнча буйрук берген.
Екатерина Андреева - Биринчи каналдын жүзү, ал "Время" көрсөтүүсүн 1997-жылдан бери алып барып келет.