Япониялык Мицуоки Сигэта аттуу ишкер жана миллиардерге жергиликтүү сот буга чейин бакпай жүргөн 13 баласын кайтарып берди. Анын баарын Таиланддагы карын энелер төрөгөн. Бул маалыматты чет элдик басылмалар жазып чыгышкан.
2014-жылы полиция кызматкерлери Таиланддын кыштактарынын биринен кароосуз калган 12 баланы табышкан. Ошондой эле алардын жанында кош бойлуу карын эне да болгон. Иликтөөнүн жыйынтыгында, ал балдардын атасы 24 жаштагы Мицуоки Сигэта болуп чыккан. Ал карын энелерге акча төлөп берип төрөтүп, ошондой эле сперманы да донорлордон алгандыгы аныкталган. Мындайча айтканда, Мицуоки Сигэта бул окуяда буюртма берүүчү болгон.
Териштирүүнүн натыйжасында, ишкерге 5 карын эне 19 бала төрөп берген факт ачыкка чыккан. Ал 6 баласын Камбоджа жана Японияга алып кеткен. Ал эми калгандары балдар үйүндө же энеси менен ар кайсы кыштактарда баш калкалап жүрүшкөн. Укук коргоо органдары Сигэта адамдарды же алардын органдарын сатуу менен алектениши мүмкүн деп шек санаган. Бирок ага далил таба алышкан эмес.
Айта кетсек, миллиардер карын энелерге ар бир бала үчүн 300 миң бат (Таиланд акча бирдигинен долларга которгондо 9515 доллар) акча берген. Карын энелер Кытай, Испания, Бразилия, Малайзия, Израиль жана башка өлкөлөрдөн алынып келген "донорлор" менен боюна бүтүргөн. Ал эми Сигэта менен иштешкен компаниялардын биринин жетекчисинин айтымында, миллиардер жылына 10-15 балалуу болууну пландаган.
Сот Мицуоки Сигэта мурда эч кандай кылмыш кылган эмес жана балдарды багууга мүмкүнчүлүгү бар экенин эске алып, балдарын топтоп, өзүнө кайтарып берди. Мындай чечимден кийин миллиардер балдар үчүн атайын үй, бала багуучу жана атайын медайым дайындаган. Азырынча Мицуоки Сигэта кандай максатта көп балалуу болууну каалагандыгы белгисиз. Ошентсе да, соттун чечими менен ал балдардын атасы да, энеси да катары жалгыз укукка ээ болуп калды.