ЭЛДИК ВИДЕО: "Мешке отун ордуна 5 миң сомдуктарды жакты"

Медиа-порталдын "Элдик видео" бөлүмүнө "Мешке отун ордуна 5 миң сомдуктарды жакты" деген аталыштагы видео жүктөлдү. Видеодон отун алып келүү үчүн чыгып кеткен аялдын келишин күтпөй, мештин жанына отуруп алып акчаны өрттөгөн адамды көрүүгө болот.

Адегенде ал чөнтөгүнөн акчаларын сууруп чыгып, 5 миң сомдук номиналдарды тандап, ширеңке менен күйгүзүп мешке салат. Андан кийин калган акчаны жанындагы адамга сунуп "Эртең тутандырыкка пайдаланасың" дейт. Интернет колдонуучулар бул жарандын жоругун түрдүүчө сыпаттап жатат. Айрымдар "Чын акча болсо өрттөбөй калсын, жасалма кагазды алып эле күйгүздү" десе, арасында аны мас дешип, эртеси эстеп ичи ачышарын жазышкан.

Бул видеого улай эле ошол адамдын акчаны эмне себептен өрттөгөнүн айткан видеосу тарады. Анда ал: "50 миң сом күйсө күйдү да, бирок мени бардыгы таанып калды. Акчаны керек болсо Бабанов да өрттөй алмак эмес", - деген.

5 миң сомдуктарды мешке жаккан жаран: “Акча күйсө күйсүн, бирок элге таанылдым“
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
aruudani
2018-02-21 08:52:19
Олдун го дадин.Азыр каерин куйуп жатат болдукен.
+7
ziash85
2018-02-21 09:06:27
Бул акылы жок адамдын иши да.40ка чыккан,5 баласы бар акылы жайында адам мындай кылбайт .темасын окуп милеонер десем жөнөкөй эле карапайым адам тура .ушундан көрө кайрымдуулук кылса ушул акчаны,жетимдер үйүнө апарса сооп да алмак,ошону видого тартса деле оң жагына атактуу болмок.
+5
mamatkerim
2018-02-21 09:52:09
Бул баягы Алманбет эмеспи Базар-Коргондон болом любою менен мушташам деп телефонун берип жүргөн.
+6
ilgizk
2018-02-21 11:07:58
mamatkerim,ошол ошол булда өзүнчө интернет жылдызы болойун деген го
+1
farida68
2018-02-21 10:01:24
озун ойлобосо да балдарын ойлосо болмок!
+1
Azikou
2018-02-21 10:07:35
Андан коро ошол элуу Мин сомунду которуп алып жардамга муктаж Адамдарга берип мактансан соонун жарашмак(((
+3
Ayida
2018-02-21 10:15:49
Адамдарга берип не кылат озунун уйун жашоо шартын ондоп алсынчы .Ушундайлар жакпайт мага эч.Озунчо керсейип арты ачык журот тообо. Уйун ондоп алсын бай болсода орттоп не кылат. Аллах Таалам мына деп бербей койсо кор кылганы учун акчаны отурат ачка
+3
nurbek56
2018-02-21 11:18:35
Ушунчалык эле акчан кобойуп ортоп жатсан мага окшогон инвалидтерге
бер эркек экенсин бер 100.мин духун жетеби бул менин номерим 0707005586
+8
Bazik_kg87
2018-02-21 11:40:51
Баарын эле ишенип алыптырсынарго бул жасалма акча корунуп эле турбайбы
+2
taalai1008
2018-02-21 11:50:08
ХХХХ шакмарлары корунот го
+2
moskoy
2018-02-21 12:02:09
Бул озбек окшойт озбекче суйлоп жатат.
0
mentol
2018-02-21 12:54:17
Орттосо озунун акчасын орттоду, бизге "Не холодно, не жарко" Таанымал болгусу келсе башка жол мн таанылса деле болмок, баш иштебесе буту колдун шору...
+3
Bokonbai
2018-02-21 13:27:27
Jazalma akcha eken. Chynygy akcha juka bolot, buktogondo toluk, tegiz, iykemduu buktolot. Bul ergul orttogon akcha kalyn bolgonu bilinip turbaiby, buktogondo toluk buktolboi.
+1
Asyl10
2018-02-21 13:30:32
Эми акча орттоп белгилуу боло коём деп жоопко тартылып калбаса болду. Улуттук валютага мындай мамиле кылууга болбойт. Ал эми жасалма акча болсо, анда кылмыш иши козголот. Айтор, жакшы иш жасабаптыр башы жок. Илгери "атын чыкпаса жер ортто" десе,азыр "атын чыкпаса акча ортто" болуптур да.
+4
mentol
2018-02-21 14:52:40
Asyl10, арким озунуе каалаган акчасын каалагандай колдонот. менин акчам демек каалаганымды жасайм... бул жасалма эле акча
0
JaneEr
2018-02-21 13:43:26
Жасалма акчалар.
+2
didu
2018-02-21 22:12:06
бул бала мурда бойго чыгам деген бала
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан