Кышкы Олимпиада оюндары: Бүгүн кыз-келиндердин муз үстүндө бийлөө боюнча мелдеши старт алат

Бүгүн, 21-февраль күнү Түштүк Кореянын Пйоңчаң шаарында өтүп жаткан Кышкы Олимпиада оюндарында спорттун 11 түрүнөн мелдештер орун алат.

Анда кышкы спорттун 6 түрү боюнча медалдар ойнотулмакчы.

  • Тоо лыжа спорту;
  • Бобслей;
  • Лыжа менен жарышуу;
  • Фристайл;
  • Хоккей;
  • Коньки менен чуркоо;

Ошондой эле бүгүн кыз-келиндер арасындагы муз үстүндө бийлөө боюнча мелдеш старт алат. Анда 30 спортчу 5 тайпага бөлүнүп, алгачкы упайларын топтоого аракет жасашат.

Ал эми медалдык жарышта азыркы тапта лидерликти Норвегия, Германия жана Канада курама командалары сактап келе жатышат. Норвегия 11 алтын, 10 күмүш жана 8 коло медаль менен 1-орунда, Германия курамасы алтын медалдар боюнча Норвегияга жетип, бирок күмүш жана коло медалдар боюнча артта калууда (11 алтын, 7 күмүш жана 5 коло). Канада курама командасы 3-орунда жайгашты, анын капчыгында 8 алтын, 5 күмүш жана 5 коло медаль бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан