Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков “Билим берүү жɵнүндɵ” мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү жактырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, тиешелүү мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2018-жылдын 10-январында кабыл алынган. Документ мектептерди алты күндүк окуу жумалыгынан беш күндүк окуу жумалыгына которуу максатында кабыл алынган. Тактап айтканда, кабыл алынган мыйзам менен "Билим берүү жөнүндө" мыйзамынын 16-беренеси төмөнкүдөй мазмундагы 10-бөлүк менен толукталган: “Менчигинин формасына карабастан, жалпы билим берүү уюмдарында жетиштүү окуу жүктөмүнүн чегин эске алуу менен, беш күндүк окуу жумалыгы белгиленет”.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.