SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар жуманын жеңүүчүсү аныкталат.
Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.
Бул аптада эң аз добушка ээ болуп, сынактан четтетилген чыгарманын ордун Ильяс Кудретовдун аткаруусундагы "Өмүр, ай" чыгармасы толуктады.
"Бул ырдын клибин декабрь айында тарткандыктан аба ырайынын сууктугунан абдан кыйналдык. Тартуу учурунда үшүп, машинага кирип жылынып жаттык. Биз жылынып, ишке кирише баштаганда камералар иштебей калып, бир топ эле кыйынчылык жаратты. Бирок клипке жалаң гана тажрыйбалуу актёрлор катышкандыктан, тартуу иштери тез эле соңуна чыкты", - дейт ырчы.
14-ФЕВРАЛДАН 21-ФЕВРАЛГА ЧЕЙИН ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫНА КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ
10-орун - Ырчы Нурлан Насиптин аткаруусундагы "Жүрөгүм" видеокомпозициясы бул аптада эң аз добушка ээ болуп, сынактан четтетилди.
9-орун - Аваз Акимовдун "Бийчи кыз" чыгармасы өткөн жумадагы жыйынтыктан 4 тепкичке төмөндөгөн.
8-орунду - Самат Эркинбековдун аткаруусундагы "Жетемин баарына" видеокомпозициясы ээлеген.
7-орунда - Асел Кадырбекованын аткаруусундагы "Жаныңда болсом дейм" чыгармасы.
6-орун - Мурунку аптада жаңыдан тизмеге кошулган Автандилдин "Баратам жолдо мына" чыгармасы 6-орунга ээледи.
5-орун - Айдана Деканын аткаруусундагы "Эргүү" чыгармасы өткөн аптадагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 4 тепкичке жогорулаган.
4-орунга - Ильяз Андаштын аткаруусундагы "Ак чардак" чыгармасы ээ болду.
3-орун - Мурунку жумада жеңүүчү деп табылган Дайыр Исмадияровдун "Кош бол, сүйгөнүм" чыгармасы бул ирет алдыңкы үчтүккө кирди.
2-орун - Ильяз Абдыразаковдун аткаруусундагы "Сенин көзүң башкача" чыгармасы 2-орунга татыктуу болду.
1-орунда - Данияр Эрматовдун "Апамдын болчу келини" чыгармасы жайгашып, жеңүүчү аталды.
Сүйүктүү чыгармаңызга добуш берүүнү кааласаңыз, бул шилтемеге баш багыңыз.