Бишкекте апасы менен бараткан кызды сүзгөн машинанын айдоочусу кармала элек. Бул тууралуу бүгүн, 21-февраль күнү SUPER.KG порталына Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
"Унаа сүзүп кеткен кичинекей кыз 4 жашта. Анын ата-энеси табылды. Кызды шаардагы №3-шаардык балдар ооруканасына алып барып, ден соолугун текшерттик. Ата-энесинен окуянын чоо-жайы суралды. Андан сырткары Ахунбаев көчөсүндөгү видеокөзөмөлдү караган учурда машинанын номуру аныкталды. Азыркы тапта айдоочу изделип жатат. Ал кармалган соң толук маалымат беребиз", - деп билдиришти аталган башкармалыктан.
Айта кетсек, 19-февраль күнү саат 17:00дөр чамасында Бишкек шаарындагы Ахунбаев жана Абай көчөлөрүнүн кесилишинде апасы жетелеп бараткан наристе кызды унаа бир нече метр аралыкка ыргыта сүзгөн видео тараган. Мындан улам Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө боюнча Башкы башкармалык видео тасма боюнча иликтөө иштерин баштаган. Ал эми кыздын атасы Ырысбек Шаршеев кызы жаракат албаганын, аялынын абалы да жакшы экенин жана эч кимге доо арызы жок экенин билдирген.