Орусиялык муз үстүндөгү бийчи Алина Загитова маалымат жыйын өткөрүп, анда Кышкы Олимпиада оюндарындагы жеңиши тууралуу айтып берди. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
Маалым болгондой, ал дүйнөлүк рекордду жаңылаганына дароо ишенген эмес.
"Мен дүйнө рекордун жаңыладымбы? Мен билген эмесмин. Мындай болгонуна кубанычтамын. Дүйнөдө менин программам эң оор экендигин баары билет. Аны так аткарсам, эң жогорку упайларга ээ болом", - деген спортчу.
Ошондой эле мекендеши Евгения Медведева менен болгон атаандаштыгы тууралуу да айткан.
"Атаандаштык мындан да жакшы бийлөөгө шыктандырат. Эң башкысы машыктыруучулар жана көрүүчүлөр канааттанды. Евгения экөөбүз доспуз, ал эми спортто атаандаштык боло берет", - деп кошумчалаган ал.
Айта кетсек, Алина Загитова жана Евгения Медведева бүгүн, 21-февралда муз үстүндө бийлөө боюнча мелдеште кыска программа менен бийлеп чыгып дүйнө рекорддорун жаңылашты. Алгач муз үстүнө чыккан Евгения Медведева 81.61 упай топтоп дүйнө рекордун жаңыласа, андан кийин чыккан Алина Загитова 82.92 упайга ээ болуп Медведевадан ашып өттү.