5 баласы менен көрүстөндөгү мүрзө казуучулар шаймандарын койгон үйдө жашап жаткан аялды айыл башчы ал үйдөн кубалап жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Гүлжахан Атажонова өзү билдирди.
"Кызыл-Кыштак айылынын башчысы келип бул жерден кеткиле деп жатат. Кыштын күнү 5 бала менен кайда барабыз десем, "чыгып кетпесең аймактык тескөөчү менен чыгарабыз" деп коркутуп жатат. Агамдын үйүнө барайын десем ал 4 бөлмөлүү үйдө балдары, неберелери менен жашайт. Мен барам десем, анда биз батирге чыгабыз деп жатышат. Аларды карыганда көчөгө чыгарып коюш уят.
Ата-энем өмүр бою колхоздо иштеп жүрүп каза болушкан. Алардын көзү тирүү кезде колхоздон ар бирибизге 2 сотыхтан жер берилген. Атам жерибизди тастыктаган документтерди айылдык кеңешке алып барган, ошону менен документтерди деле көргөн жокпуз. Менин паспортум да жок. Ушуга чейин туулгандыгы тууралуу күбөлүк менен жашап келдим.
Өзүмдүн 2 балама, каза болгон эжемдин 3 баласын кошуп алгам. Анын күйөөсү чет жакка иштегени кеткен. Кээде келип турат", - дейт Гүлжахан Атажонова.