SpaceX компаниясы кечээ, 22-февраль күнү Falcon 9 деп аталган спутниктен жогорку ылдамдыктагы интернетти таратуучу ракетасын учурду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, ракета АКШнын Калифорния штатында жайгашкан аба аскерий Ванденберг базасынан учурулган. Анын ичинде компания өзү чыгарган эки Microsat текшерүүчү спутник жана испаниянын Hisdesat спутник оператору өндүргөн радиолокациялык (бардык нерселерди кандай кыйынчылык болбосун радио толкундун жардамы менен табат) PAZ спутниги орнотулган.
Буга чейин Falcon 9ду учуруу 17-февралга каралган. Бирок кошумча текшерүү үчүн бир күн артка жылдырылган. Андан кийин аба үйлөөчү жагын текшерүү үчүн 3 күнгө жылса, 21-февралда аба ырайына байланыштуу учурулбай калган.
SpaceX 2024-жылга чейин жердин төмөнкү орбитасына 12 миң спутникти учуруп, ылдамдыгы секундасына 1 гигабитке жеткен интернетти таратууну көздөсө, 2025-жылы Starlink спутнигин 40 миллиондон ашык катталуучу колдоно турганын болжолдоп жатканын билдирген. Компаниянын эсеби боюнча аларга жылына 30 миллиард доллар киреше түшүш керек.