Казакстандын Караганда облусунда Кыргыз өлкөсүндө өндүрүлгөн балдар кийимдеринен уулуу заттар табылды. Бул тууралуу Казакстандын жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.
Маалым болгондой, шаардын санитардык кызматы дүкөндөр менен базарларда сатылган балдар кийимдеринде зыяндуу зат формальдегиддин өлчөмү нормадан ашыкча экендигин аныктаган. Дарыгерлер бул балдардын ден соолугуна жана өмүрүнө коркунуч жарата турганын билдиришкен. Ал эми зыяндуу заттар табылган кийимдер Кыргыз өлкөсүндө өндүрүлгөнү маалымдалган.
Бул боюнча Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев ден соолукка зыян келтирген товарлар Кыргыз жеринен барганы тууралуу расмий билдирүү алса, тийиштүү чараларды көрө турганын, керек болсо кызматтык иликтөө жүргүзө турганын билдирген.
"Эгер товарлар бизге тиешелүү болсо сөзсүз иликтөө жүргүзөбүз. Бул жерде сөз балдардын ден соолугунда болуп жатат. Эгер өлкөдө тиешелүү эрежелерди сактабаган кандайдыр бир фабрикалар бар болсо, алар жабылышы керек", - деген ал.
Учурда товарлар соода жүгүртүүдөн алынып, аны сатып жаткан ишкерлерге 200 миллион теңге айып салынганын жергиликтүү басылмалар жазышкан.