Акыркы мезгилдерде жылдыздар арасында боёксуз түшкөн сүрөттөрүн коомчулукка жарыялоо модага айлангандай. Бул агымдан калбай актриса Милла Йовович да баракчасына боёксуз түшкөн сүрөтүн жарыялаган. Бул сүрөткө аз убакыттын ичинде эле көптөгөн адамдар ар кандай билдирүүлөрдү калтырып, "жакты" белгисин басышкан. Көпчүлүк интернет колдонуучулар "Милла, сиз боёксуз эле татынакай экенсиз, жүзүңүздө бир дагы кемчилик жок" деген өңдүү жакшы пикирлерин калтырышкан.
Америкалык актриса жана фотомодель Милла Йовович Украинанын Киев шаарында актриса Галина Логинова менен врач Богдан Йововичтин үй-бүлөсүндө туулган. 13 жашында “Эки айдын кошулушу” деп аталган эротикалык мелодрамага тартылган. Мындан көп өтпөй жарым жылаңачтанып “Көгүлтүр көлгө кайтуу” тасмасына тартылат. Ошондой эле "Бешинчи элемент", "Бейиш", "Жанна д`Арк" жана башка белгилүү тасмаларда роль жараткан.