Алмазбек Атамбаев: "Камчыбек Ташиев июлда бошотулат, эгер шаардык сот мурунку чечимди өзгөртпөсө"

"Эгерде Бишкек шаардык соту райондук сот чыгарган чечимди өзгөртпөсө, депутат Камчыбек Ташиев өз учурунда, июль айынын башында эркиндикке чыгат". Бүгүн, 12-июнда Жогорку Нарын ГЭС каскадынын курулушунун башталышына катышкан президент Алмазбек Атамбаев жергиликтүү калкка ушундай маалымат берди. Өлкө башчынын айтымында, Ташиевдин бир кемчилиги - алгач бир нерсе жасап алып, андан кийин ойлонгону. "Эгер ойлонуп кадам таштаса, ал саясатка кайтып келе алат. Бирок депутат жана анын жакындары менен тарапташтары башка бирөөлөрдүн колундагы курал болуп жатат",- деди президент. Алмазбек Атамбаев Жалал-Абаддагы митингде обладминистрацияны басып алгандарда Ташиевди бошотуу эмес, бийликти алмаштыруу максаты болгондугун баса белгиледи. "Азыр эми "сот иши эмнеге узарып жатат, Ташиевди батыраак бошотуш керек" деп кыйкырышууда. Сот ишин узарткан ким, албетте, Ташиевдин жактоочусу",- деп кошумчалады ал.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан