Бүгүн, 24-февралга караган түнү саат 01:00 чамасында Бишкекте Жумушчулар шаарчасындагы Чапаев менен Островский көчөлөрүнүн кесилишинен Лексус IS 300 үлгүсүндөгү унаа уурдалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына милициядан билдиришти.
Маалым болгондой, унаанын ачкычы кожоюнда, документтери унаанын ичинде болгон. Уурдалган Лексустун өңү көк. Учурда машинаны издөө иштери жүрүп жатат.