Өзбекстанда Нооруз майрамына карата 5 тонна сүмөлөк жасалат. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Өзбекстандын Наманган шаарында Нооруз майрамына карата бир казанда 5 тонна сүмөлөк жасала тургандыгы белгилүү болду. Маалыматка ылайык, "чоң сүмөлөккө" 2 тонна ун, 1 тонна май, 450 килограмм жүгөрү уну, 50 килограмм нават кете турганы айтылууда. Сүмөлөк 2017-жылы 8 тонна палоо басылган казанда даярдалат.
Иш-чараны Наманган шаарынын жергиликтүү бийлиги уюштурат. Сүмөлөктү даярдоо облустун 25 айымына тапшырылган. Даяр болгон сүмөлөк шаардын жашоочуларына, конокторуна таратылат. Ошондой эле сүмөлөк облуста жайгашкан карылар үйүнө, балдар үйүнө жөнөтүлөт.