Түнкү клубда төшүн жылаңачтаган ди-джей кыз Кыргыз өлкөсүн замандан артта калган, өнүкпөгөн өлкө деп атады. Бул оюн ал өзүнүн Инстаграмдагы баракчасына жазып чыкты.
Бишкек шаарындагы түнкү клубдардын биринде төшүн жылаңачтаганы үчүн камакка алынган украиналык ди-джей Юлия Михайлова социалдык тармактагы өзүнүн баракчасына Кыргыз өлкөсү тууралуу пикирин калтырган.
"Акырында айтарым ушундай өнүкпөгөн, замандан артта калган өлкөдө жашаган адамдарга боорум ооруйт" деп жазган. Ошондой эле ал "Кыргыз өлкөсү бардык артисттер үчүн кара тизмеге кирди" деген да билдирүүсүн жайгаштырган.
Ди-джейдин мындай оюна көпчүлүк интернет колдонуучулар өзүнүн сын көз караштагы билдирүүлөрүн жазышууда.
Айта кетсек, түнкү клубдардын биринде төшүн жылаңачтаган ди-джей тартип сакчылары тарабынан камакка алынган. Бирок ди-джей Юлия Михайлованын жактоочулары Биринчи Май райондук сотунун аны 5 күнгө камакка алуу чечимин карап чыгуу өтүнүчү менен Бишкек шаардык сотуна кайрылган. Шаардык сот райондук соттун чечимин жокко чыгарып, ди-джей бошотулган.
Ошондой эле ал буга чейин "бир саат мурун жүрөгүм кармап, ооруканага түшүп калдым. Азыр баары жакшы, сарсанаа болбоңуздар. Жакында байланышка чыгам" деген билдирүү жазган. Ал ооруканага акыркы окуяларга байланыштуу түшүп калганын айтып, аны колдогон адамдарга ыраазычылык билдирген.