ЭЛДИК КАБАР: Жалал-Абадда мектептин алдында Тойота менен Дэу Матиз сүзүштү. Матиздин айдоочусу кырсык болгон жерден чечинип, сөгүнүп жатты

25-февралда саат 21:00 чамасында Жалал-Абад шаарынын Эркиндик көчөсүндө (№4-мектептин алдында) Дэу Матиз менен Тойота Хайлендер үлгүсүндөгү автоунаанын катышуусунда жол кырсыгы болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына окурман билдирди.

Анын айтымында, Матиздин айдоочусу мас абалда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлерин да көзгө илбей жол кырсыгы болгон жерден чечинип, сөгүнүп ичимдик ичип жүрдү.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Жалал-Абадда мас айдоочу чечинип, сөгүнүп жатты 25.02.2018 (сөгүнгөн сөздөр бар)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Ermekbai
2018-02-26 14:21:04
Матизин сатса лексустун ремонтунада жетпесе керек.
+6
Refiri87
2018-02-26 14:49:22
Койгулачы ушундай кабарларды
0
nargiz94
2018-02-26 15:18:02
Азыр баарынын эле нерви жука
0
Parish
2018-02-26 16:13:37
Матизди карасанар озунун жолунда эле келе жатыптыр го а лексус кысып салыптыр ,ошого жинденген го
+2
kiana
2018-02-26 17:28:14
Кыргызтанда онугуу болобу кундо еле авария
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан