super.kg logo

"Дамирбек Асылбек уулу кыргыз, Ысык-Көлдүн кулуну" дейт санаалашы Балбак Түлөбаев

 

Казакстанда атайын операциянын жүрүшүндө кармалган Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулунун улуту кыргыз, Ысык-Көл облусунда туулган. Бул тууралуу SUPER.KG порталына депутаттын жакын санаалаштарынын бири "Аю холдинг" компаниясынын вице-президенти Балбак Түлөбаев билдирди.

"Дамирбек Асылбек уулу же биз билген Динарбек кыргыздын гана уулу, Ысык-Көл облусунун кулуну. Ата-энеси Ак-Суу районунда жашайт. Мен Дамирбекти 2005-жылдан бери тааныйм, мамилем бар. Ооба, ал ката кетирди, бирок анын улуту казак экен деген туура эмес. Учурунда Казакстан өлкөсүнө күрөшүп жүргөндүгү үчүн убактылуу паспорт жасалгандыр, ошону көтөрүп чыгып Казак жараны экен деген туура эмес", - дейт Түлөбаев.

Эске салсак, 19-февраль күнү Казакстандын Башкы прокуратурасы аталган өлкөнүн чек арага жакын аймагында контрабанда менен шугулданган уюшкан кылмыштуу топторго каршы аракетти күчөтүү, бажыга байланыштуу тармагындагы укукка каршы ишмердүүлүктү токтотуу максатында атайын операция жүргүзүлгөнүн билдирген. Жыйынтыгында 35 шектүү адам кармалып, анын ичинде 3 Кыргыз жараны бар. Анын бири - Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу экендиги тастыкталган. Кармалгандар Кытайдан Казакстанга, ошондой эле Кытайдан Кыргыз мамлекети аркылуу Казакстанга көмүскө схемалар жана жасалма документтер менен товар киргизүүгө шектелип жатышат.

Казакстандын ЖМКлары бул өлкөнүн ИИМинин алдындагы Мамлекеттик тил жана маалымат департаментинин башчысы Алмас Садубаевге шилтеме берүү менен бул депутат Казакстанда туулганын, жашы жеткенде Казакстан жарандыгын алып, ал паспорттун мөөнөтү бүткөндө Казакстандан жаӊы паспорт алганын жарыялашкан.


кошулду


 
 Тектеш кабарлар 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг -3 
Комментарийлер(16)
26.02.2018. 20:59 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
1110
Катталган:
01-01-2017
Соӊку аракети:
11-06-2018 16:43
Жынысы:
Белгисиз
+18
Дагы деле озунор ишенбей кумон болуп айтып жатам Казактын атынан курошуп журсо казак жаранын алгандыр дейтко!Кичинесинен бирге чонойуптур десе 2005ден бери тааныйм ден!Досуна окшогондорго бизде места жок Уялган депутат ушул банги саткан колективдеринен уялса болмок !!!
Azatbek83 түзөттү 2018-02-26 21:04:55
26.02.2018. 21:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
238
Катталган:
05-05-2015
Соӊку аракети:
29-05-2018 13:58
Жынысы:
Белгисиз
+23
Омур боюга тыгып салсынчы Казахстан
26.02.2018. 21:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
72
Катталган:
20-08-2016
Соӊку аракети:
20-09-2018 19:24
Жынысы:
Белгисиз
+24
Кулун болбой калсын баңги!!!
27.02.2018. 00:33 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
19-02-2017
Соӊку аракети:
01-05-2018 10:55
Жынысы:
Белгисиз
+7
adi.ali94,Кулун дебей ХХХХ болот десе жарашмак экен.
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-02-27 10:12:22
26.02.2018. 21:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
117
Катталган:
09-03-2015
Соӊку аракети:
05-09-2018 22:01
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан
+14
Демек, Дамирбек, Динарбектер ак үйдө жалгыз эмес.
Булар дагы көпчүлүктөн түзүлгөн табакташтар тура ..
Ушундайлардын себебинен Кыргызстан коррупциянын чеңгелинен чыга албай,артка кеткендиги анык көрүнүп турат.БШК УКМКга баары белгилүү алар баарын билишет, бирок кекиртек кыйла жерге секиртет деп болоор болбос акчанын айынан бирөөгө көз каранды болуп, куурчагына айланышат.Анысын өздөрү сезишпейт.
Meruet84 түзөттү 2018-02-26 21:33:08
26.02.2018. 21:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
38
Катталган:
12-05-2016
Соӊку аракети:
01-04-2018 22:48
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Bernabeu
+20
Аны эч ким улуту казак деген жок, анан Ыссыкколундо эмес, хоть Манастын кумбозунун ичинде торолсо да, казак жарандыгы болуп атпайбы. Ал каз пасспорту убактынча болобу, туболук болобу баарибир Кыргызга кыянат кылды ал саткын жеп жутатынар. Аны ошол жакта камап, соттоп жок кылсанар да раазыбыз, бизде андай саткын, чон курсак жегичтер ашыкчасы менен тыгылып жатат, ошолорду да акырындап чукуп, тыгып жок кылыш керек.
26.02.2018. 21:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
38
Катталган:
12-05-2016
Соӊку аракети:
01-04-2018 22:48
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Bernabeu
+21
Тиги 120 койдун ичинен, кошуналардын огородундагы чоптон жеген дагы далайы чыгатко чукуса.
26.02.2018. 21:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
586
Катталган:
28-12-2014
Соӊку аракети:
19-09-2018 23:05
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+10
Балбак болгон жерге мурдунду тыгып аралаша бербей алыс болчу, биринчи озунду бил, бироонун ишине аралашканды эмне кыласын?!
26.02.2018. 21:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
82
Катталган:
26-09-2012
Соӊку аракети:
17-09-2018 14:58
Жынысы:
Белгисиз
+9
Казактар күрөшкө катыштыруу максатында каалагандай күбөлүк, паспорт беришип пайдаланышыптыр да. Сатылбаш керек болчу. Акча берсе эле"казак" боло калбай.
26.02.2018. 22:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
111
Катталган:
04-03-2017
Соӊку аракети:
20-09-2018 16:01
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кунуго Дамирбек болуп ккалдыго
26.02.2018. 22:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
631
Катталган:
04-03-2017
Соӊку аракети:
20-09-2018 20:27
Жынысы:
Белгисиз
+10
Кыргыз болсо казактын атынан неге курошот намыс кайда?Олсом да курошпойт болчумун.Камалсын келбесин Кыргызстанга.Ушундай саткын досунан уял
26.02.2018. 23:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
27
Катталган:
14-04-2017
Соӊку аракети:
25-08-2018 19:25
Жынысы:
Белгисиз
-3
Дамирбек (же Динарбек) өзү эмне деп жатат? Кыргызмын дейби же казакмын деп жатабы?
27.02.2018. 00:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
84
Катталган:
10-08-2016
Соӊку аракети:
20-09-2018 22:06
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
ош
+5
Балбак өзү ким? Табакташы балким ал деле кош жарандуулукта жүргөндүр, ошого Дамирбектин артын жаап жаткан чыгаар. Кыргызда Балбак деген ат барбы? Мен билбейт элем...
muhsina түзөттү 2018-02-27 00:43:13
27.02.2018. 00:43 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
19-02-2017
Соӊку аракети:
01-05-2018 10:55
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ысык көлдүн кулуну болмоктон коделеги болсо да болду эми Казактар соттойт.Соттолсун казак болсо контробандист криминал болсо.Сууруп чыга албай жаман болуп,түн уйкуңар жок болуп,жегениңер желим болуп жатат ээ депутаттар.
27.02.2018. 02:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
83
Катталган:
02-05-2017
Соӊку аракети:
20-09-2018 13:43
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы эле болду , биздин далай контрабандистер бир жерин кысып олтуруп калышты.
27.02.2018. 04:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
34
Катталган:
29-07-2016
Соӊку аракети:
20-09-2018 19:29
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Там где счастье)
+3
120 депутат бар деп эле какшайбыз, башы чыккан 3 4 ну эле коробуз. Менимче тизмесин чыгарыш керек эгер мумкун болсо. Кылган жумуштарын жана айткан убадаларын.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114370;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: