super.kg logo
  Саясат  

УКМК: "Өмүрбек Бабанов боюнча тергөө иштери жүрүп жатат"

 

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Бабанов боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу 27-февралда SUPER.KG порталына Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз катчысы Рахат Сулайманов билдирди.

"Тергөө иши жүрүп жатат. Тергөө иштерине байланыштуу бардык иш-аракеттер жүргүзүлүүдө", - деди Рахат Сулайманов.

Эске салсак, 4-ноябрь күнү Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановго карата "улуттар аралык кастыкты козутуу" жана "Конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө эл алдында чакырык жасоо" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон. Тергөө иштерин жүргүзүү УКМКга жүктөлгөн.

2017-жылдын октябрь айындагы президенттик шайлоодон кийин Өмүрбек Бабанов өлкөдөн чыгып кеткен боюнча кайтып келе элек. Айрым маалыматтарга караганда, анын Орусияда дарыланып жатканы айтылган.

2017-жылдын 30-декабрында Өмүрбек Бабанов саясаттан биротоло кете турганын да коомчулукка жарыялаган.


кошулду


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114449;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: