Британиялык Эд Ширан дүйнө жүзү боюнча 2017-жылдагы эң өтүмдүү ырчы деп табылды

Ырларын сатуу жана үн жаздыруу жагынан британиялык ырчы Эд Ширан дүйнө жүзү боюнча 2017-жылдын эң өтүмдүү ырчысы деп табылды. Бул туурасында эл аралык Үн жаздыруу федерациясы өзүнүн жылдык докладында жарыялаган.

Маалым болгондой, Эд Ширандын акыркы жаздырган "Divide" аталышындагы альбому эл аралык бестселлерге айланган. Альбом 2017-жылдын март айында чыгып, дүйнө жүзүнүн 36 өлкөсүнө тараган.

Ал эми алдыңкы ондукка Drake, Тейлор Свифт, Кендрик Ламар, Эминем, Бруно Марс, The Weeknd, "Imagine Dragons", "Linkin Park" жана "The Chainsmokers" топтору киргени маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Dembele84
2018-02-28 11:43:43
Imagine dragons катуу кетти 2017 ырлары хит
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан