super.kg logo

Өзүн "жылдыздын жылдызы" деген Данияр Эрматов ырчылар арасында талкуу чордонунда калды

 

Жакында ырчылар Данияр Эрматов менен Эдил Маматов айымдардын жаз майрамына карата Орусияга концерт коюп барышмакчы. Бул гастролдук сапары тууралуу ырчылар жарнамалык ролик даярдашкан. Анда Данияр Эрматовго карата "жылдыздын жылдызы" деген баа берилген. Роликти кыргыздын аттуу-баштуу адамдары, ырчылары, аранжировкачылар, музыканттар "жылдыздын жылдызы деген наамды кайдан алсак болот? Кандай түшүнөбүз?" деген суроолордун негизинде талкуулашты.

Талкуу чордонунда калган Данияр "мен бир сүйлөйм, "жылдыздын жылдызы" деген мыкты ырчы деген эле маани. Мен 2013-жылдан бери жылдыздын жылдызы болуп келе жатам" деген жоопторун кайтарууда.

"2013-жылы жеке концертимди бергем. Ал учурда продюсер Канат Кадыржан менен иштешчүмүн. Концертке жарнама жасатуу учурунда Канат байке "жарнаманын өзгөчөлүгү болуш керек, "жылдыздын жылдызы" деп кошолу" деп сунуштап калды. Мен алгач укканда башкача кабыл алып, өзүмдү ыңгайсыз сезгем. Көрсө, туура эле сөз тандалыптыр. Мен аны кечээ эже-агаларымдын айткандарынан улам билдим.

Аталган жарнаманы Инстаграмдагы баракчама да илгем. Аны 20 миңден ашык окурман көрдү. Бирок биринен дагы "сен жылдызсыңбы? Сен кимсиң? Эмне деген жарнама?" деген сыяктуу кептер чыккан жок. Жүздөн ашуун комментарийде "азаматсың, алга, ийгилик" деген сыяктуу адамдын көңүлүн көтөргөн сөздөр айтылган. Өзүм тааныган, сыйлаган агаларымдын сөздөрүнө капа болдум.

"Жылдыздын жылдызы" деген баага чейин наам алгыла дешти. 2015-жылы "Маданияттын мыкты кызматкери" деген төш белгисин алгам. Баары акырындан болот, аракет кылып иштеп жатабыз деген мааниде төш белгимди да сүрөткө тартып киргиздим.

Мисалы, ырчыларга карата күйөрмандардын эркеси, ырчылардын сулуусу деген сыяктуу сөздөр көп эле айтылып жүрөт. "Жылдыздын жылдызы" деген кепти аты чыгып калган, жылдызы жанып турган адамдардын арасындагы жөнөкөйү, кичи пейили, адамгерчиликтүүсү деп түшүнөм. Бул жерде ырчылардын мыктысы деген эч кандай маани да, ой да жок.

Байкелериме, эжелериме жакын адам катары таарындым. Кээ бир учурда жөнөкөйлүгүмдүн, адамгерчиликтүүлүгүмдүн да зыянын тартып калат экенмин", - дейт Эрматов.

Ырчынын ырларын шөкөттөө - чоң эмгек. Учурдагы ырчылардын көбүнүн ырына аранжировка жасап жүргөн аранжировкачы Мирлан Ниязов "жылдыздын жылдызы" деп айткандын өзү туура эмес дейт.

"Билбейм ким кандай ойлойт, бирок "жылдыздын жылдызы" деп айткандын өзү туура эмес. Чыныгы жылдыздар антип айтпашы керек. Канчалаган мен-мен деген дүйнө жылдыздары дагы өзү жөнүндө антип айтышкан эмес.

Азыркы жаш ырчыларга айтарым, мейли "жылдыздын жылдызы" бол, бирок улууларды бир аз сыйлап жүр демекчимин. Анча-мынча тамашаны көтөрүп дегендей. Аларды эч ким жаман деп айткан жери жок. Жакшы жигиттер, болгону анча-мынча дөөлөттү көтөрө билишсе анан жылдыз боло беришет", - дейт аранжировкачы.

Талкууда өз оюн билдирген ырчылардын арасында Өктөм Сапар уулу да бар. Ырчы талкуу тууралуу оюн төмөндөгүчө билдирди.

"Адамды, тагыраагы, ырчыны тааныштыруу максатында өзгөчө бир сөз кошуп айтуу - жарнактын бир өзгөчөлүгү. Ырчынын өзүн-өзү сыпаттаганы, наам ыйгарганы туура эмес. Жылдыз болуп турган күндө да өзүнө-өзү мындай баа бербеши керек болчу. Данияр элдин өзүн колдоп жаткан видеосун чыгарды. Эл антип бир гана Даниярды тоспойт, билишимче, Нурлан Насипти, Нурмат Садыровду деле ошентип тосот.

Мен өзүмө-өзүм эч кандай баа бере албайм. Кээде адам деген атка татыктуумунбу деп ойлоп коркуп да кетем. Жылдыз эмес, адам болуш мен үчүн кыйын. Балким, бул менин алдыга жулунбаган сапатымдан болсо керек. Кээ бир адамдар мактап же "Өктөм биздин жылдыз" деп коюшса өзүмдү ыңгайсыз сезип, отурган жериме батпай кетем", - дейт ырчы.

Кыргыз шоу-бизнесинин казанында бир топ жылдан бери кайнап, ысык-суугун көрүп, өзүнүн маңыздуу ырлары, кайталгыс үнү менен эл алкышына татыган Кыргыз эл артисти Гүлнур Сатылганованы да сөзгө тарттык.

"Чынында азыр демократия. Ырчы өзүн кандай баалайт, кандай жарнамалайт өзү билет. Жарнамада айтылган сөздөрдүн маани-маңызынын жоопкерчилиги да өзүндө.

Ырчылар, баарыбыз эле концерт алдында жарнама кетиребиз. Ошондо мага кандай сөз жарашат деп ойлонобуз. Жеке мен жылдыздын жылдызы, мега жылдыз, супер жылдыз деп өзүмдү өзүм жарнамалоодон уялам. Ал бааны эл бериш керек. Кээде концерттерде алып баруучулар "примадонна, сахна ханышасы" деп чакырып калышат. Мен муну элдин баасы деп кабыл алып, сүйүнүп калам.

Социалдык баракчаларыма пост жазсам же жаңы чыгармамды илсем окурмандар жакшы ойлорун жазышат. Эмгегимди баалап, жакшы ниеттерин билдиришет. Мындай сөздөр ырчыга кадимкидей дем берет", - дейт ырчы айым.

Өлкөдө жүргүзүлгөн көрнөк-жарнактарды, роликтерди көзөмөлдөөчү атайын мекеме бар. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин жарнак бөлүмүнүн башчысы Назина Алыкулова төмөндөгүдөй пикирин айтты.

"Ырчылар товарын сатышпайт. Алар кызмат көрсөтүшөт. Эгер берилген жарнамада бирөөнү кемсинтүү, жамандоо же көрө албастык, атаандыштык билинсе анда мыйзамдын негизинде иликтөө иштери жүргүзүлөт. Кемсинтүүгө, жамандоого кабылган адам бизге арыз менен кайрылууга тийиш.

Арыздын негизинде жарнак таратуучу жарнактагы сөздөргө татыктуубу, наамы барбы, ал наамды ким берген, факт менен документтер аркылуу аныктайбыз", - деди Алыкулова.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(44)
28.02.2018. 16:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
121
Катталган:
17-12-2017
Соӊку аракети:
02-08-2018 12:02
Жынысы:
Белгисиз
+8
Tuura ar kim ozunun ishida..uwu aran ele turuwat jildizdar birin bir andiwip ele
28.02.2018. 16:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
27
Катталган:
09-04-2017
Соӊку аракети:
11-05-2018 14:56
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул баланы такыр тааныбайт экенмин, ырын да да укпаптырмын.
Мололец, жаны чыгып келатса деле, озун кантип элге пиар кылганды билген.
Минтип озун озу пиар кылбаса эч ким тааныбаган бойдон калмак да.
Талантын го билбейм, акылы бар бала экен
28.02.2018. 16:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
78
Катталган:
07-07-2012
Соӊку аракети:
19-09-2018 10:50
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бул ким? Биринчи жолу коруп жатам...
28.02.2018. 18:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
31
Катталган:
05-05-2010
Соӊку аракети:
17-04-2018 14:52
Жынысы:
Белгисиз
+3
turaliev,Жылдыздын жылдызы ким экен деп журсо эчким тааныбаган адам турбайбы :) Мен деле ттаныбайм.Who is hi?
28.02.2018. 17:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
09-03-2015
Соӊку аракети:
18-09-2018 18:38
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы ырдайт ичи ачышкандар туз жалаш керек.
28.02.2018. 17:06 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
09-12-2015
Соӊку аракети:
27-07-2018 18:28
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ырлары эптемей, сапаты жок. Ушуга окшогондор кантип ырчы болуп журот билбейм.
28.02.2018. 17:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
896
Катталган:
12-09-2017
Соӊку аракети:
19-09-2018 16:59
Жынысы:
Белгисиз
+9
Жаштардан азыр жылдыздын жылдызы болуп тургандар:Н.Насип,И.Абдразаков,Г.Сатыбеков.Калгандары ошолорго жеткени аракет кылсын,куру эле озун пиар кылбай.Бул жигитти 3-сорттогу ырчы деп билем лично мен!!!
28.02.2018. 17:10 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
09-12-2015
Соӊку аракети:
27-07-2018 18:28
Жынысы:
Белгисиз
+10
Dembele84, туптуура +Мирбек Атабеков, калган ырчыларды ырчы деп болбойт. Кандай адамдар концертине барып ошолордун маанисиз ырларын угат тан калам.
28.02.2018. 17:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
154
Катталган:
25-04-2014
Соӊку аракети:
19-09-2018 00:58
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Moskva
+4
Уялгыла ушинтип айтыштан. Уят жана уят!!!
28.02.2018. 17:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
55
Катталган:
02-02-2016
Соӊку аракети:
19-09-2018 10:46
Жынысы:
Белгисиз
+4
Данияр иним ото мактанчаак го дейм
Баягыда машинасын (лексус RX300)корсотуп интервью бергенде бардочоктогу 20мин сомун корсотуп мактанды эле
28.02.2018. 17:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
77
Катталган:
14-07-2016
Соӊку аракети:
19-09-2018 13:32
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мечтать не вредно демекчи жылдыз болгусу келгенго.
28.02.2018. 17:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
465
Катталган:
26-11-2016
Соӊку аракети:
19-09-2018 12:46
Жынысы:
Белгисиз
+5
мага деле жакпайт. жалгандан кулгон боло берет
28.02.2018. 17:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
31-01-2018
Соӊку аракети:
29-08-2018 01:03
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Аксы
+6
Ушундай создорунон кийин мен бул ырчыны,Роналдуга окшоштуруп койдум.
28.02.2018. 17:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
19-06-2017
Соӊку аракети:
18-09-2018 23:15
Жынысы:
Белгисиз
+6
Marlen_., же Байматовго)
28.02.2018. 17:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
32
Катталган:
30-10-2016
Соӊку аракети:
19-09-2018 11:20
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын иним катыра бер.азыркы заманда озунду озун баалабасан эч ким баалабайт.
28.02.2018. 17:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
Катталган:
13-05-2014
Соӊку аракети:
18-09-2018 15:16
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
МО
+5
Десе дептир да ага не анчалык болушту, ийгилик, дагы жаны ырлады кутобуз)
28.02.2018. 17:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
252
Катталган:
16-01-2014
Соӊку аракети:
03-08-2018 14:54
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жалал-Абад
0
Жылдыздын жылдызы деген чын эле башкача угулат экен. Башка ырчылардан мыкты дегендей реклама болуп калыптыр.
28.02.2018. 18:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
166
Катталган:
16-02-2018
Соӊку аракети:
18-09-2018 23:17
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+2
Чынын айтсам буга чейин бир да ырчынын "жылдыздын жылдызымын"- деген лозунгду укпаптырмын. Тан калып атам, духу укмушко?
vikidiki түзөттү 2018-02-28 18:29:40
28.02.2018. 18:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
278
Катталган:
28-07-2012
Соӊку аракети:
19-09-2018 08:34
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
кадамжай
+2
Пффф
28.02.2018. 18:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
21-09-2016
Соӊку аракети:
14-04-2018 12:48
Жынысы:
Белгисиз
0
Тооба адамдар мынча каразгойбуз таанысанар да тааныбасанар да ийигилик каалап кое бергиле, эч нерсенер кемип калбайт. Жамандасанар эле силерге муйуз чыгабы озу кыргыздар бироонун жакшылыгын коро албайбыз, биринчи ушул ырчыдай 1болсода ыр ырдап чыккылачы. Мен деле бул ырчынын ырын укпайм деле бирок адамды кемсинтуунун не кереги бар ар ким озунун колунан келген тиричиликин кылып жашайтда каалгандай мактасын озун бул ырчы ошол нерсе менен акча табатта.
28.02.2018. 18:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
896
Катталган:
12-09-2017
Соӊку аракети:
19-09-2018 16:59
Жынысы:
Белгисиз
+2
Aipusya_t,Сен болор болбосту мактап журо бер,баары сен эмес.Жакшыны жакшы жаманды жаман -деп айтат ал ар кимдин оз эрки.Ырчы эл адамы,алардын кандай баскан турганын эл баалайт ,эл таразалайт.Эл оозунда элек жок дейт ошон учун.Эл соз кылбасын десе,туз журуш керек же вообще шоу бизнестен алыс болуш керек!
28.02.2018. 18:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
31
Катталган:
05-05-2010
Соӊку аракети:
17-04-2018 14:52
Жынысы:
Белгисиз
+3
,,Жылдыздын жылдызы,, деген наам ,,Эмгек синирген артист,, деген наамдай болуп кетти го татыктууларга берилбей. :))
28.02.2018. 18:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
07-05-2014
Соӊку аракети:
21-03-2018 13:04
Жынысы:
Белгисиз
-8
Азамат данияр иним. Сен чын эле жакшы ырдайсын. Ушунундан тайба. Эл суйлой бкрет. Алдыны гана карап кете бер, сен женесин. Сен жылдыз болбосон мынча талкуулашмак эмес. Карындаштарым, менин кичинекей кызым ырлаарынды жакшы корот.
28.02.2018. 20:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
31-05-2017
Соӊку аракети:
19-09-2018 14:41
Жынысы:
Белгисиз
+4
burkut100,эл суйлойт эмес,ошол эл бар учун жылдыз боломуштар жылдыздын жылдызы болуп алышат,колдоруна карга чычып
28.02.2018. 21:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
07-05-2014
Соӊку аракети:
21-03-2018 13:04
Жынысы:
Белгисиз
0
Nanei,элдин баарына жага албайсыын
28.02.2018. 21:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
896
Катталган:
12-09-2017
Соӊку аракети:
19-09-2018 16:59
Жынысы:
Белгисиз
+3
burkut100,Талкуулаганда жылдыздын жакшы жетишкен жагын эл мактап талкууласа айтсан болот.А бул Жылдыз оорусу менен ооруп,коп мактанган жигиттин мындан ары да куйормандары азайды деген ойдомун!
28.02.2018. 18:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
351
Катталган:
25-06-2016
Соӊку аракети:
02-09-2018 14:42
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жылдыз ооруу деген ушул. Тушунуп койгула
28.02.2018. 19:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Данияр бул созуно жанындагы кесиптештерин таарынган жокпу алардан озунду ойдорок сезиптирсин адамдын адамы дегенге тушунугун кандай ушул суроого жооп тапсан менимче элдин оюн дагы тушунорсун
28.02.2018. 20:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
103
Катталган:
19-09-2017
Соӊку аракети:
07-07-2018 14:16
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыргызстанда Мирбек Атабеков Султан Садыралиев омар Гулнур сатылганова ушулар ,
28.02.2018. 20:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
857
Катталган:
14-11-2015
Соӊку аракети:
19-09-2018 12:31
Жынысы:
Белгисиз
-5
Десе не болуптур?! Жылдызы жанып турган деп алсын,реклама учун создун гулун терип суйлойт,боло берет.
Жогоруда ырчыны тааныбайм дегегдер башка убакта интервью берсе ун катпай келип анан эле жаман жагы чыга келсе "ким бул? тааныбайм тыты,пыты"-дегенинерди койсонор.
28.02.2018. 22:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
896
Катталган:
12-09-2017
Соӊку аракети:
19-09-2018 16:59
Жынысы:
Белгисиз
+4
Pandora,Тааныбаса тааныбагандар бардыр,сен таанысан башкасы тааныш керекпи?Мактанчаак опко болсо ар нерсени жазсын,ошон учун теманын аягында комментарий-деп турат.Сен мактасан,башкасы жамандайт жана оз оюн жазат.
28.02.2018. 22:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
896
Катталган:
12-09-2017
Соӊку аракети:
19-09-2018 16:59
Жынысы:
Белгисиз
+6
Pandora,Жылдызы жанып турган деген менен жылдыздын жылдызы-дегендин айырмасы чон.Реклама болгондон да озу ошону ырастап мен ошондоймун дегени элге соз болуп жатат,сахналаш досторун да кемсинткендей болуп калыптыр,даже Гулнур антип айткандан уялам деп жатат,а бул ким озу антип айткыдай? XXXX ырчы и всё!
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-03-01 10:09:42
28.02.2018. 22:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
01-02-2018
Соӊку аракети:
30-07-2018 09:59
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушуга окшогондор тадатты, дагы бироо тамашоудо мени роналдуга окшотот рамосго окшотот десе булу болсо мен жылдыздын жылдызы болуп алыптыр Абдылда агабыз айткандай оооооооо мени куйгузбоооочу
28.02.2018. 23:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
24-03-2016
Соӊку аракети:
31-07-2018 09:57
Жынысы:
Белгисиз
+4
Өзүн мактагандан, өлөрчө кач.
01.03.2018. 00:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
53
Катталган:
02-02-2018
Соӊку аракети:
19-09-2018 14:57
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ары жокко аргасыздан кулосун дегендей, кулуп эле тим болдум. Жылдыздын жылдызына.
01.03.2018. 02:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
28-06-2017
Соӊку аракети:
17-03-2018 17:51
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен бул ырчыны тааныбайт экем, бирок рналдуга окшоп озун озу мактап, пиарлагандан кийин тааныдым, рондун инисиго деп))
Бирок Гулнур, Сыймык, Бек Борбиевтер чыныгы жылдыздын жылдыздары.
01.03.2018. 04:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
20
Катталган:
24-08-2010
Соӊку аракети:
21-03-2018 00:55
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Bishkek
0
Jyldyzdyn jyldyzdyysy dese bolmok eken.
01.03.2018. 08:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
01-02-2018
Соӊку аракети:
18-09-2018 17:57
Жынысы:
Белгисиз
0
Кечирип кой Эрматов бирок сен жылдыздын жылдызы эмессин. Ал наамга татыктуу эмессин. Туш жерге. Сендей мактанчаактар антип асманда учса адреналин ашып, давление болуп, башы айланат. "Озунду эр ойлосон да, бироону шер ойло" - деген макалды укпагансын го дейм. Дагы айтам эсин барда этегинди жап да туш жерге!!
06.03.2018. 17:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
03-03-2013
Соӊку аракети:
31-05-2018 15:37
Жынысы:
Белгисиз
0
Качан 2жуздуулукту таштайбыз? Эгер мактап жазганда, тим эле мактап ийгилик каалап болбой калсанар керек эле. Адам оз оюндагысын айтыш керекда, бул жерде жазгандардын жарымынан кобу оз оюнарды жазган жоксунар. Силер тааныбасанар кайдан билесинер, кандай ырчы экенин? Силерге жакпаса эле элдин баарына жакпашы керекпи? Онору оркундой берсин, Чыгармачылык ийгиликтер!
Таанылып кележаткан уул-кыздарыбызды буттан тартпай, дем куч берип, жакшы созубузду аябайлычы. Урушпаныздар, рахмат!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114277;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: