"Дарыгерлер уулуң адам болбойт, убактылуу багып тургула деген балам онго чыкты" дейт табарсыгы сыртында төрөлгөн Амандын апасы (абайлаңыз, сүрөт)

Өзүнүн да ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген Наргиза Болотбекова турмуштун оор сыноосу менен алпурушуп келет. Дарыгерлердин "балаңар адам болбойт, убактылуу багып тургула" дегенин уккан жолдошу аларды таштап кеткен. Ажырашкан учурда уулу Аман 2де, курсагындагы баласы 2 айлык болгон. Табарсыгы жарылып, сыртында төрөлгөн Аман ошондон бери 2 операцияны башынан өткөрдү. Алдыда дагы бир нече операция жасалышы керек.

- Наргиза, уулуңуз Амандын тагдырын баяндоодон мурун, кепти өзүңүздөн баштасаңыз. Канча жашыңызда турмушка чыккансыз?

- Мен Чүйдөн болом, 19 жашымда турмушка чыккам. Жашаганыма 1 ай болгондо эле үй-бүлөдө уруш-талаш башталды. Өзүм 3-топтогу майыпмын. Бир колум кыска, анын айынан оор жумуш кыла албайм. Айыл жергесинде уй сааш керек эмеспи. Уй сааганда колдорум ооруп чыкчу, бирок андан башка жумуштардын баарын жасачумун. Кайненем "эч нерсе кылганды билбейсиң" деген сыяктуу ар түрдүү сөздөрдү айтып намысыма тие берди. Анан төркүнүмө кетип калгам.

- Уулуңуз Аман боюңузда бар экенин билдиңиз беле?

- Жок, билген эмесмин. Төркүнүмө келгениме 2 ай болгондо гана кош бойлуу экенимди билдим. Эл катары каттоого туруп, медициналык кароодон өтүп жүрдүм. УЗИ аппаратынан эркек экенин да билгем. Кош бойлуумун деп төркүнүмдө жатып ала алган жокмун. Базарга чыгып мал сатып, тиричилик кылып жүрдүм. Бир жолу кош бойлуулугумдун 6 айында торпок ичиме сүзүп салды. Ошондон улам баламдын табарсыгы жарык төрөлдү деп ойлоп жүрөм. Дарыгерлер да бул оюмду туура болушу мүмкүн дешкен. Менин балам өлкөдө табарсыгы жарылып сыртында төрөлгөн 3-бала экен.

- Жолдошуңуз уул төрөгөнүңүздү билдиби?

- Ооба, уулум төрөлгөндө атасына сүйүнчүлөгөм. Төрөтканадан төркүнүмө чыгып бардым. Алты айдан кийин жолдошум менен жарашып, бизди үйүнө алып кетти. Жолдошум уулум 2ге чыккыча карашты, андан кийин карабай койду. Дарыгерлер да "бул адам болбойт, убактылуу багып тургула" деп коюшкан. Ошондон кийин жолдошумдун көңүлү сууп калды окшойт.

- 2 жашка чейин карашты дегениңизди кандай түшүнсөк болот?

- Аман 6 айга толгондо жарашып, 2ге чыкканда кайра ажыраштык. Кичүү балам 2 айлык боюмда болчу. Азыр улуу балам ондо, кичүүсү жетиде.

- Аман 2 операцияны башынан өткөрүптүр, акыбалы кандай?

- Балам 3 жарым жашка чейин табарсыгы жарык жүрдү, заарасы агып турчу. Дарыгерлер жоопкерчилик алгандан коркуп, эч кимиси жардам бербей коюшкан. Анан боорукер бир дарыгердин жардамы менен табарсыгына заарасы сыртка чыгуу үчүн атайын түтүкчө коюлду. Арадан 6 жыл өткөндө ошол жерине таш пайда болуптур. Ал ташты алдыруу үчүн дагы операция жасаттык. Алдыда дагы бир нече операция бар, алар Москвада жасалат экен.

- 2 баланы карап үйдө элесизби же анда-санда иштей коёсузбу?

- Жайында талаа жумуштарына чыгам, кышкысын төшөк көктөп тамак-ашка акча табайын деп тырбалаңдайм. Атамдын каза болгонуна 4 жыл болду. Мен талаага жумушка чыкканда балдарымды апам карап калат.

- Батир акысы да моюнуңузда да, канча төлөйсүз?

- Батирге 7000 сом төлөйм. Балама 3000 сом, 3-топтогу майып болгондугум үчүн 2000 сом жөлөк пул чыгат. Жөлөк пулдун акчасына өзүм иштеп кошуп, эптеп батир акчасын чыгарабыз. Кээде тамак-ашыбыз жок калат. Аманга жалаякка акча таппай калганда жан дүйнөм сыздап чыгат. Эжем, байкем бар, алар каралашып турушат. Бирок дайыма эле бизди карай алышпайт да.

Ал аз келгенсип өткөндө уулумдун майыптар үчүн арабасын да уурдап кетишти. Көп кабаттуу үйдө тургандыктан колясканы подъездге калтырып койчубуз. Ооруканадан келип, үйгө кирип тамактандык, кечинде киргизип коёлу десек эле жок. Кайра жаңы сатып алууга туура келди. Анткени балам мектепке барат, ооруканага да ташыйм. Өзү дааратканага бара албайт, мен көтөрүп алып барам.

Амандын дарылануусуна жардам көрсөтүүнү каалагандар үчүн апасы Наргиза Болотбекованын байланыш номери: 0552 392 060.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
Marjan92
2018-03-01 14:07:31
кудай озун жардам бере гор наристе айыгып кетсин.
+36
Medinaa
2018-03-01 14:16:53
Сакайып кетсе экен(
+15
marmiladka9
2018-03-01 14:36:13
сакайып корбогондой болуп кеткиле
+14
asil-08
2018-03-01 15:10:01
Адамдар кызык эле, Тобаа коляскасын уурдап кеткенин. Козу десе аман эсен жеңил операция жасалып айыгып кет Кудайым өзү жардам берсин.
+16
dastan_nookat
2018-03-01 15:29:47
Оо кудай не деген шумдук батырак сакайып кетсин жогорудагылар карап койсонуздар болмокк
+10
Laguna2017
2018-03-01 15:49:32
Ии, байкуш. Жакшы болуп кет
+9
raykray
2018-03-01 16:19:36
Э Аллах ооруугандар шыпаа бер, эки уул арстандай баатыр, ыймандуу-болуп-чонойсо экен. Энесинине куйумдуу балдардан болсун
+14
dastan_nookat
2018-03-01 16:36:34
Барына + бастым
+12
dastan_nookat
2018-03-01 16:37:15
Аллах шыпа берсин
+11
s.sweet
2018-03-01 17:54:59
Алла шыпаасын берсин
+15
admiral
2018-03-01 20:59:08
Кудайым ай өзүң сакта. Бул наристеге жа өзүң шыфаа бер!
+9
omka100514
2018-03-01 21:52:59
Белиндеги грыжа эмесби, спинномозговая грыжасы да бар окшойт
+7
AltynaiEsenturova
2018-03-02 00:36:32
Алла шыпаасын берсин
+7
munduz2016
2018-03-02 06:04:32
Аллах шыпаасын берсин.!!!
+1
HanTegin
2018-03-02 09:58:53
Жаратканым озун шыпаа бере кор. Деги балдар оорубасын. Кудайым балдарды ден соолугу менен бере коп
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан