Ырчы Гүлжигит Сатыбеков “Агенттеги махабат” аттуу ыр чыгарды. Ырдын сөзү, обону автордун өзүнө таандык. “Былтыр агент тууралуу ыр чыгаргым келип, атайын агентке туташтым. Анан убакыт өткөндөн кийин социалдык түйүндөгү терминдерди түшүнө баштадым. Мисалы, “блог”, “статус” деген сөздөрдү. Ырымда да ушул терминдерди камтыдым. Анда кыз-жигиттин агентте болгон сүйүүсү айтылат”,- деди Гүлжигит мырза. Айта кетсек, бул ырдын клиби да тартылып бүттү. Жакын арада коомчулукка тартууланат.