Ибрагим Жунусов: "Музыкалык интернаттын балдарына бөлүнгөн акчаны эки эсе көтөрүш керек"

Парламентте бүгүн Маданият жана туризм министри Ибрагим Жунусов музыкалык интернаттын тарбиялануучуларынын тамак-ашына бөлүнгөн каражат аз экенин айтты. Ал Мукаш Абдраев атындагы балдар музыкалык интернатынын бир тарбиялануучусуна күнүнө 40 гана сом бөлүнөрүн билдирди. "Кинологдор иттерине күнүнө 96 сомдон бөлүп беришет экен. 2013-жылдын бюджетин карап жатканда балдардын тамагына бөлүнгөн акчаны жок дегенде эки эсеге көтөрүшүбүз керек",- деди министр. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан